“Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда өтөт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда өтөт

«Тоо туризми» бирикмесинин башчысы Марат Данилов «Манас FM»радиосунун студиясында конокто болду.



 Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү 9-чу “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы ушул ишембиде өтөт. Бул тууралуу «Тоо туризми» бирикмесинин башчысы Марат Данилов «Манас FM»радиосундагы маегинде айтты. Иш-чара 3-февралда ЗИЛ тоо лыжасы базасында өтөт.

Фестивалдын башкы максаты – Каргызстанды кышкы спорт түрлөрүнүн, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары жайылтууга жетишүү, кайрымдулук жардам көрсөтүү жана жарандарды сергек жашоого тартуу. Бул фестиваль 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейинки фестивалдардан каражат алган уюмдардын арасында: №1 Кургак учук балдар ооруканасы, “Нурмэйайса” балдардын убактылуу туруу жайы, Балдардын онкологиялык борбору, Республикалык кан борбору, Ош шаарындагы “Боорукердик” жана “Алтын уя” балдар үйлөрү, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу аялдардын психикалык-неврологиялык жатак үйү, “Кол колдо” КР аутист-балдардын ата-энелеринин КУ, Сосновка жатак үйү. Былтыр 232 миң сом топтолгон.

Уюштуруучулар - КР ММТМ Туризм департаменти, Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы, бизнес-ассоциациялардын альянсы жана Жөө туризм Союзу.

“Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда  өтөт “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда  өтөт “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда  өтөт “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда  өтөт “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 3-февралда  өтөт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться