2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын мекени"



12-декабрда "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын мекени" аталышындагы VII эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кинофестивалынын ачылышы өттү. Жыл сайын бул кинофестиваль улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, анын туулган күнүнө белгиленип келет.

Кинофестивалдын негизги максаты болуп КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий карым-катнашты чыңдоо жана кино жаатында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

15-декабрда "Кыргыз өлкөсү - кыска метраждуу тасмалардын мекени" аталышындагы VII Эл аралык кинофестиваль соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жаткан "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери да катышып, эл аралык, анимациялык тасмалар жана улуттук категория боюнча каралган фильмдердин арасында байгеге ээ болушту.

Улуттук сынакта Касиет Кубанычбек кызынын  "Оймок" фильми "Мыкты тасма" наамына,  “Бакыт”, тасмасы менен Мээрим Догдурбекова “Калыстардын атайын белеги” сыйлыгына ээ болду. Улуттук сынакта “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон тасма” номинациясы боюнча "Аңчылык" тасмасы менен режиссер Ильгиз Турсунбек уулу татыды.

Бул жылы улуттук сынакка 15, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма катышкан.        

Ал эми "Мыкты режиссёрдук иш" наамын Евгений Чистяковдун "Ташкөмүр" тасмасы жеңип алды. Калыстардын атайын сыйлыгына Азамат Шаршеновдун "Жашоо керемет" тасмасы илинген.

Ошондой эле эл аралык сынактан "Мыкты тасма" наамына украиналык Ханна Жалалинин "После" тасмасы, "Мыкты режиссёрдук иш" наамына грузиялык Иосеб Блиадзенин "Три ступеньки" фильми ээ болду. Калыстардын атайын сыйлыгына эстониялык Владислав Муковниндин "Победа" киносу, "Көрүүчүлөрдүн тандоосуна" латвиялык Павел Гуменниковдун "Вперёд" тасмасы татыды.

Маалымат үчүн: Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы 2010-жылы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген, ал алгач ирет 2011-жылы өткөрүлгөн.


Загрузка плеера...


2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды 2017-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться