Балага эшикти ачыңыз » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Балага эшикти ачыңыз

ЮНИСЕФ DemirBank менен биргеликте Кыргызстандагы майыптуулугу бар балдардын укуктарына арналган социалдык өнөктүктү баштады.



БУУнун  Балдар фонду (ЮНИСЕФ) DemirBank  менен биргеликте “Балага эшикти ачыңыз” социалдык өнөктүгүн баштады. Өнөктүк майыптуулугу бар балдардын укуктарын коргоо жана аларды коомго аралаштыруу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт. Эми банктын 60 000 кардары майыптуулугу бар балдарга мамилени өзгөртүү менен, инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө ар бир адам салым кошо аларын биле алышат. Маалымат банктын бардык бөлүмдөрүндө АТМ-терминалдар, электрондук жөнөтмөлөр, брошюралар жана видео аркылуу таратылып турат.

  

Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт, алардын ичинен 29 миңи – майыптуулугу бар балдар. Алар – балдардын эң аярлуу категорияларынын бири. Күн сайын алар стигмага  дуушар  болушат, адатта үйлөрүнөн чыгышпайт жана алардын билим берүүгө, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жокко эсе.  Басмырлоодон жана обочо калуудан кооптонгон балдарда коомдун толук кандуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгү да жоголот, бул болсо алардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

“Инклюзивдүү коомду түптөөгө мамлекеттик органдар жана жарандык коом катышууга тийиш, ошондой эле бизнес тармагы да майыптуулугу бар балдарга колдоо көрсөтүүгө олуттуу салым кошо алат. Мен ЮНИСЕФтин DemirBank менен өнөктөштүгү башталып жатканына кубанычтамын. Бул мисал башка компанияларды жана уюмдарды балдарга эшикти ачууга шыктандырат деп ишенем”, деп айтты БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

 

Балага эшикти ачыңыз Балага эшикти ачыңыз Балага эшикти ачыңыз

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться