Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү



8-декабрь Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жетинчи жыйыны болуп өттү.

Жыйында ТүркПАнын башкы катчысы болуп Кыргызстандын өкүлү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков дайындалды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясына төрагалык кылган Казакстан мажилисинин төрагасынын орун басары Гүльмира Исимбаева ассамблеянын жасаган иштери тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматка дайындалышы менен куттуктады. Мындан тышкары ТүркПанын жетинчи жыйынына Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман да катышты.

Мындан тышкары жыйында Ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен декларация кабыл алынат. Жыйындын жүрүшүндө уюмдун 2018-жылдын жана 2019-жылдын биринчи жарымына карата бюджети кабыл алынды.

Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө Кыргызстан төрагалык кылган маалда бир катар маселелерге маани берилерин айтты. Анын ичинде башкы катчынын милдеттери такталып, аны кызматтан алуу жана дайындоо жолдору жакшыртыларын, уюмдун бюджетинин аткарылышын аудит кылуу маселеси да караларын белгиледи. Жумабеков ошондой эле ассамблеянын ар бир пленардык жыйынын атайын теманын алдында өткөрүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамаблеясы Түрк тилдүү мамлекеттердин 1992-жылы өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Биринчи самитинен тартып келе жаткан узун мөөнөттөгү кызматташуунун натыйжасында уюштурулган. Ассемблеянын мүчөлөрү болуп, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстан болуп эсептелет. Бүгүнкү жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары Өзбекстан менен Түркмөнстан ардактуу конок катары, ал эми Венгрия байкоочу болуп катышты.


Загрузка плеера...


Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетинчи жыйыны болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться