Айтматовдун элесине арналган фестиваль » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айтматовдун элесине арналган фестиваль

 

12-декабрда саат 12:00до “Манас” кинотеатрында  эл аралык "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы кинофестивалдын ачылыш аземи болот.



7 жылдан бери салтка айланган кинофестиваль Кыргызстандын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун элесине арналат. Аталган кинофестиваль КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн киночуларынын жолугушуу аянтчасына айланды. Фестивалдын максаты, постсоветтик өлкөлөр арасындагы маданий карым-катнаштарды бекемдөө жана кинематография тармагында тажрыйбалар менен бөлүшүү болуп саналат. Бул жылы фестивалга катышуу үчүн 250 эл аралык жана ата мекендик тасмалар келип түшкөн. Женүүчүлөр эки программа боюнча аныкталат:эл аралык жана ата мекендик, алардын ар бири кыска метражду көркөм, документалдык, анимациалык жана

 эксперименталдык тасмаларды камтыйт.

 

Ал эми калыстар тобунун төрагалыгына орусиялык кинотаануучу жана тарыхчы Сергей Землянухин чакырылган. Курамда продюсер Анар Кашаганова (Казакстан), режиссер, сценарист жана композитор Нана Джанелидзе (Грузия), актер жана оператор Арто Хачатурян (Армения),  режиссер, продюсер жана сценарист Эрнест Абдыжапаров (Кыргызстан) бар.

 

12-ноябрдан тарта 4 күн ичинде баш байгеге ат салышкан тасмалар “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт. Ар бир калоочу 11:00дөн 19:00гө чейин тасмаларды калыстар тобу менен бирге көрө алышат. Эл аралык сынакка 14 тасма, улуттукка 15 тасма таңдалып алынган.

 

Фестивалдын жүрүшү тууралуу маалыматты жана көсөтүлө турчу тасмалардын программасын бул жактан окуй аласыздар.

 

Жазган: Кенешова Гулзира

Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться