Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды

Ля-Ля-Фа  ыр конкурсунун  финалы  8-декабрда  Манас радиосунун  эфирдик  студиясында болуп өттү.



Кыргыз-Түрк  Манас  университетинин  даярдоо бөлүмүндө окуган студенттердин арасында  уюштурулган  Ля-Ля-Фа  ыр конкурсунун  финалы  8-декабрда  Манас радиосунун  эфирдик  студиясында болуп өттү. Иш чарага Кыргыз-Түрк  Манас  университетинин  ректору  профессор-доктор  Себахаддин  Балжы,  Көркөм өнөр факультетинин  деканы,  КРдин  эмгек  сиңирген  артисти  Анарбек  Ибраев,  Манас радио жана тв  мүдүрү  Бүлент  Намал  катышып,  калыстык кылышты.  Ошондой эле конкурстун  финалисттери  Дастан  Камчыбеков,  Акжуурат  Орозали кызы,  Туба Гюр, Тимур Асанбаев жана Асира  Бектурган  кызы  Ля-Ля-Фа  конкурсунун  баш  байгеси үчүн ат  салышты.  Жыйынтыгында  онлайн  добуш  берүүдөн  105 добушка  ээ  болуп  Дастан Камчыбеков  жеңүүчү  аталды.  Дастан  Камчыбеков  Ы.Абдыкадыровго  таандык “Кымбатым”  деген  ырды  ырдады.  Ал эми  А.Темировдун  “Мен ашык”  ырын ырдап,  91 добуш менен  Акжуурат  Орозали кызы  экинчи  орунду  багынтты.  Үчүнчү орунга татыган  Тимур  Асанбаев  И.Мусабаетовдун “Кыздар ай”  чыгармасын  ырдап  86 добуш алды.  Конкурстун  баш  байгесинин  ээси  Дастан  Камчыбеков  Медиаманас  тарабынан бекер  ыр  жаздырып,  клип  тарттыруу  мүмкүнчүлүгүнө  ээ  болду.  Мындан  сырткары баардык  конкурстун  катышуучулары  грамоталар  жана  белектер менен сыйланышты.

Конкурс  радио  жыштыгында  түз эфирде берилип, мындан сырткары  видео түрүндө Мediamanas.kg  сайтында, Ютубта  жана  Фейсбукта  көрсөтүлдү.

Айдана Төлөнова


Загрузка плеера...


Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды Ля-ля-фа конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться