13-14-декабрь күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен болот.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Сербияга расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.Мындан тышкары Жээнбековдун 13-14-декабрда Өзбекстанга боло турган расмий сапарына көрүлүп жаткан камылга жөнүндө маалымат берди. Президент тышкы иштер министрине сапарга кылдат даярдык көрүүнү тапшырды.