Айсулуу Тыныбекова эл аралык “Золотой мангуст” сыйлыгын алды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айсулуу Тыныбекова эл аралык “Золотой мангуст” сыйлыгын алды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова эл аралык “Золотой мангуст” сыйлыгына ээ болгонун КР күрөш федерациясы билдирет.



Одесса шаарында Украинанын эл аралык “Золотой мангуст” эл аралык сыйлыгын тапшыруу салтанаты ишемби күнү өттү. Жердешибиз, спорт чебери Тыныбекова дене тарбия жана спортко кошкон салымы үчүн атайын “Золотой мангуст” ордени менен сыйланды. Айсулуу Тыныбекова үстүбүздөгү 2017-жылы баардыгы жети турнирге катышып, бардыгында медаль уткан – 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло багындырды.

“Золотой мангуст” сыйлыгы 2009-жылы Украинада негизделип, 2012-жылы эл аралык статусун алган.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться