Президент С.Жээнбеков “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасын BarringtonIce Arena Кубогун жеңиши менен куттуктады » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Президент С.Жээнбеков “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасын BarringtonIce Arena Кубогун жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасына BarringtonIceArena Кубогун жеңиши менен куттуктоо жолдоду.



Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуукичинекейдостор,  ардактууата-энелержанамашыктыруучулар!

Сиздерди Америка КошмоШтатынын Чикаго шаарында жеткинчектер арасында өткөн BarringtonIceArena хоккей таймашынын кубогунун чемпиону болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ат жалында, шамал менен тең жарышып өскөн көчмөн элинин келечек жигиттери керемет оюнду көрсөтүштү. Мындай эр азамат жигиттер жалпы элибиздинсыймыгы!

 Албетте, бул жеңиште ата-энелер менен уюштуруучу, машыктыруулардын эмгеги зор! Ушул саамалык жалпыбызды дагы бир ирет балдарыбыз үчүн сыймыктанууну жаратып, мекенди коргоо, намысыбызды бийик тутуу сезимдерин күчөттү деп ойлойм.  Мындан ары дагы бийик максаттарды багындырууңарга тилектешмин!

Жеңүүчүлөрдү байгелери менен чын дилимден куттуктап, кубанычтуу күнү ардактуу досторубузду Жаңы жылдык Президенттик балатыга чакырам!

Жергебизде спортту сүйгөн жаңы муундун келечеги кең болуп,  тынчтыкта жана бакубаттыкта өсө беришсин!”

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться