Сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынактар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынактар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, жарандык коомдук уюмдардан, коммерциялык банктардан жана эл аралык уюмдардан түзүлгөн демилге тобу билим берүү уюмдардын окуучулары жана студенттери арасында«Катышыңыз. Акчаны акылдуулук менен топтоңуз!» темасына карата сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынак жарыялайт.



Сынактар Эл аралык акча апталыгы – 2016 иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт. Бул – ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү финансылык келечек үчүн жаңы муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жылдык иш-чаралар топтому.

Сынак финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга, акчаны башкара билүүнү үйрөнүү зарылчылыгына, алдыга максат коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгууга өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат.

Сынактык иштердин тематикасы:

  • Өз жашообузда финансылык пландоонун жана акча топтоонун ролу;
  • Менин жеке бюджетим;
  • Акчаны кантип жыйнап, канткенде акылдуулук менен колдоно алабыз?
  • Акча деген эмне?
  • Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?
  • Күнүмдүк чыгашамды туура эсептеймби?
  • Акча эсепти жакшы көрөт;
  • Ойлонуп жасалган чыгымдар – жашоодо ийгиликке жетүү шарты;
  • Менин керектөөлөрүмvs менин каалоолорум.

Сүрөттөр сынагына катышуу үчүн 7ден 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылат, катышуучулар үч курактык топко бөлүнөт.

Видеотасмасынагына 12ден 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылат,сынакка жеке авторлор да, авторлор жамааты (тобу) катыша алат.

Эссесынагынабалдар үйлөрүнүн жана мектеп интернаттарынын 12 жаштан 18 жаш куракка чейинки тарбиялануучулары чакырылат, катышуучулар үч курактык топко бөлүнөт.

Эмгектер 2016 жылдын 4-мартына чейин кабыл алынат. Сынактын жеңүүчүлөрү жана айрым катышуучулары баалуу жана шыктандыруучу белектери менен сыйланат. Сынактардын өткөрүү тартиби тууралуу толук маалыматтыКыргыз Республикасынынwww.nbkr.kgрасмий сайтындаhttp://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2205&lang=KGZжайгаштырылган.

Маалымат алуу үчүн телефон номерлер: 0 (312) 976 530, 0(312) 976 531и 0 (312) 45-64-27.

Сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынактар Сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынактар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться