Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш

Aта-энелердин катышуусу менен студенттер өткөн жайкы практиканы баалоо жыйыны болуп өттү.



2017-жылдын 2-ноябрында экономика жана башкаруу факультетинде (ЭБФ) ата-энелердин катышуусу менен студенттер өткөн жайкы практиканы баалоо жыйыны болуп өттү.  Чогулуш алгач ЭБФинин деканатында профессор Хакан Четинташтын ачылыш сөзү менен башталды. Декан агай өз сөзүндө окутуу-үйрөтүү процессинде маанилүү тышкы кызыкдар тараптар катары ата – энелердин ордун баса белгиледи. Ошондой эле ата-энелер менен ой-пикир алмашуу болду. Чогулушка ар бир бөлүмдүн студенттеринин ата –энелери болуп жалпы он эки ата-эне жана факультеттеги үй-бүлөлүк кеңештин бөлүм координаторлору катышты.

Чогулуш андан ары факультеттин практикаларды уюштуруу комиссиясы тарабынан уюштурулган 2016-17 окуу жылында жай мезгилинде Түркия Республикасында жайкы практикадан өткөн студенттердин презентациялары менен Касым Карахан атындагы залда уланды. ЭЖБинин деканы профессор Четинташ студенттерге жана алардын ата-энелерине факультеттин тарыхы, студенттердин профили, бөлүмдөр жана жалпы материалдык-техникалык база тууралуу маалымат берди. Бул жылы жетишкендиги жогору болгон жыйырма үч студент ТР Улуттук банкы, Зираат банкы (Айыл чарба банкы), Стамбул соода палатасы, Анкара өнөр-жай палатасы жана Түрк дүйнөсү муниципалитеттер ассоциациясы сыяктуу алдыңкы мекеме жана уюмдарда 1 айлык мөөнөт менен жайкы практикадан өттү.

Аркасында ЭЖБинин практикаларды уюштуруу комиссиясынын төрагасы доц.м.а. доцент Хасан Демир Түркияда практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү эки бир тууган элдин бир бирин жакын таанууда маанилүү маданий көпүрө функциясын аткаргандыгын белгиледи. Андан кийин студенттер Түркияда практика учурунда башынан өткөн окуяларды жана алган билими тууралуу бөлүшүү менен мындай мүмкүнчүлүктү камсыз кылгандыгы үчүн университеттин жогорку жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш Aта-энелердин катышуусу менен жайкы практика боюнча чогулуш

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться