Жапон окумуштуулары менен илимий кызматташтык уланууда. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жапон окумуштуулары менен илимий кызматташтык уланууда.



1-2 ноябрда Жапон окумуштуулары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясы менен танышып, радиоуглерод жана изотоп анализдерин жүргүзүү үчүн музей фондунда сакталып турган жаныбарлар сөөктөрүнүн үлгүлөрүн алып кетишти.

Быйыл Кыргызстанга археолог Куме мырза Каназава университетинин кызматкери Др. Такаши Гакухари (Takashi Gakuhari) менен чоогу келди. Гакухари мырза Евразиянын байыркы аттарын жана алардын миграцияларын изилдейт. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин археологиялык фондунда сакталып турган, Ысык-Көл аймагындагы Орто кылым көрүстөндөрүнөн табылган ат скелеттери менен таанышып, Жапониядагы заманбап лабораторияларда анализ жүргүзүү үчүн сөөктөрдүн айрым үлгүлөрүн алып кетти.   Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы изилденип жаткан эстеликтердин так мезгилин аныктап, Орто кылымдагы Кыргызстан тургундары жана аттары тууралуу кошумча жаңы маалыматтар менен камсыз кылат.

Жапон окумуштуулары менен илимий кызматташтык уланууда. Жапон окумуштуулары менен илимий кызматташтык уланууда.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться