7-ноябры Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

7-ноябры Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 7-ноябрында ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерүүгө арналган  иш чараларга  катышат. 



2017-жылдын 7-ноябры Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары жарыялангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерип, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан бир катар эстеликтерге гүл коёт.

Эстеликтердин арасында  1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондорду эскерүү  мемориалы, саясый репрессиянын курмандыктарынын эстелик-мемориалы, Ч.Т.Айтматовдун бейити жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциянын курмандыктарын эскерүү  мемориалы бар.

Андан соң Президент борбор шаарыбыздагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коёт.

Президент А.Атамбаев  ошондой эле Бишкек шаарындагы  Кыргызстан менен Россиянын достук монументинин айланасында жаңыланган гүлбакчанын бет ачарына катышат.

Мамлекет башчысын  Кыргыз Республикасынын жетекчилери: жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева коштоп жүрүшөт.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган  иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться