«Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары

«Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Манас» университетинде өттү.



Жаштардын интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүүсүнө мотивация берүү, жазуучулар менен болгон жолугушуу аркылуу элдердин, маданияттардын ортосундагы диалогду бекемдөө максатында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду «Калем жана Ыйман» долбоорунун алкагында алгачкы ирет «Калем жана Ыйман» жыйнагын чыгарышты. Аталган жыйнактын бет ачары 2016-жылдын 16-февралында окуу жайыбыздын Турмуш тиричилик тейлөө имаратында болуп өттү. «Ыйман» фонду демилгелеген бул долбоор Манас университетинин колдоосу менен ишке ашты.

Китептин бет ачарына университеттин жетекчилери, адабиятчылар, акындар жана студенттер катышышты.

Иш чаранын ачылышында «Ыйман» фондунун төрагасы Н.Кадырбеков алгачкы саамалык болуп турган ыр жыйнагынын жарыкка чыгышына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди. Андан соң аталган фонддун иш аракеттерине токтолуп, учурда интеллектуалдык жактан чоң кризиске кептелип турганыбыз жана жаштардын ички дүйнөсүн, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүп, руханий өнүгүүгө бет алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Андан соң окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы иш чаранын уюштуруучуларына ийгилик каалап: «Президентибиз А.Атамбаевдин демилгеси менен маанилүү фонд түзүлүп, ал элге кызмат кылып жатканы бизди абдан кубандырат. Чындыгында азыркы учурда адамдар материалдык байлыкка эмес, руханий байлыкка суусап турган чагы. Келечегибиз жаштар болгондуктан, ыймандуу жаштарды тарбияласак дейбиз, бирок биз ыйман менен илимди айкалыштырып тарбияласак, туура багыт берген болобуз.», -деп, адамзатка пайда келтире турган иштерди жасоого үндөдү.

Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Э.Эрматов аталган фонддун жасап жаткан иштерин баалап, китеп окуу, китеп чыгаруу маселелерине токтолду: «Китеп чыгаруу көйгөйү күч алып турган чакта, «Ыйман» фонду жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Учурда китеп чыгаруу, китепти сактоо маселелри маанилүү маселелерден.», -деп, мамлекеттик тилге да көңүл бурууга чакырды.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзубраимов жаңы чыккан жыйнактагы ырлардын тарбиялык маанисине басым жасап, фонддун ишине ийгилик каалады.

Белгилүү тарыхчы Т.Чоротегин: «Учурда аруулануу, тазалануу доорунда жашап жатабыз. Ыйманга билим, руханий бийиктиктер менен барсак», -деп, авторлордун ырларынан мисал келтирип окуп берди.

Ошондой эле «Жаңы толкун» адабий тобунун жаш акындары «Калем жана ыйман» жыйнагынын авторлорунун ырларынан көркөм окуп беришти. Иш чаранын соңунда авторлор да өз ойлору менен бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, «Ыйман» фонду 2014-жылы КРнын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Аталган жыйнакка адеп, ыйман, мекенди сүйүү, мээрим, боорукердик, ынтымак, достук, ата-эне, улууга болгон урмат, кичүүгө болгон ызат темаларын чагылдырган проза жана поэзия жанрындагы мыкты көркөм чыгармалар тандалып алынган.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

«Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары «Калем жана Ыйман» жыйнагынын бет ачары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться