“Улуу ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракеси” аттуу семинар өткөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Улуу ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракеси” аттуу семинар өткөрүлдү

Кыргыз элинин тунгуч жазма акыны Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракесине карата семинар өткөрүлдү.



Кыргыз элинин тунгуч жазма акыны жана улуу ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракесине карата Гуманитардык факультеттин түркология бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 19-октябрында Гуманитардык жана Экономика жана башкаруу факультетинин 229-аудиториясында саат 15.00дө “Улуу ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракеси” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга университетибиздин окутуучу жамааты жана Түркология бөлүмүнүн студенттери катышты.

Семинардын алгачкы бөлүмүндө Түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Молдо Кылычтын “Буудайык” чыгармасынан үзүндүлөрдү көркөм окушту.

Семинар, Гуманитардык факультеттин деканы проф. докт. Лайли Үкүбаеванын “Молдо Кылычтын чыгармачылыгына жаңыча көз караш” темасындагы доклады менен уланды. Үкүбаева өзүнүн докладында өз мезгилинин чыгаан уулу, акын-агартуучу Молдо Кылыч – Совет заманынын каардуу репрессия жылдарында адилетсиз караланып, анын кол жазмаларын, чыгармаларын окууга тыюу салынып, ал тургай жөн эле акын катарында атын атоого да жол берилген эмес экендигин, бирок ар бир кыргыз акындын ырын жат билип, көкүрөк сезимдеринде ардактап сактап жакшы күндөргө жеткиришкендигин айтты.

Андан кийин сөз алган Түркология бөлүмүнүн окутуучусу докт. Мирзат Ракымбек уулу өзүнүн “Молдо Кылыч жана Кысса-и Зизала” темасындагы докладында Молдо Кылычтын чыгармасы “Кысса-и Зилзаланын” тили жана маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. “Кысса-и Зилзаланын” кыргызча басылган биринчи китеп экендиги белгиленди. Молдо Кылычтын эмгектерин жана тилин изилдеген илимпоздор тууралуу малымат берилди.

Семинардын эң аягында Түркология бөлүмүнүн башчысы доц. докт. Бурул Сагынбаева семинардын жыйынтык сөзүн айтты. Сагынбаева, семинардын ийгиликтүү өтүшүнөн улам семинардын баяндамачыларына, көркөм ыр окуган студенттерге рахмат айтып, семинарга катышкан жалпы жамаатка ыраазычылыгын билдирди.

“Улуу ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдык мааракеси” аттуу семинар өткөрүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться