“Ата энең сенин бейишиң” Нуржигит Кадырбековдун семинары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Ата энең сенин бейишиң” Нуржигит Кадырбековдун семинары

  Кыргыз-Түрк Манас университетибизде , 19-октябрда “Инсандык өнүгүү” клубунун быйылкы окуу  жылындагы алгачкы  “Ата энең сенин бейишиң” аталышында семинар болуп өттү.



    Президент тарабынан жарыяланган үстүбүздөгү адеп, ыйман жана адептүүлүк жылындагы “Ата энең сенин бейишиң” аталышындагы семинарды  “Ыйман” диний коомдук фондунун жетекчиси, бир нече китептердин автору Нуржигит Кадырбеков өзү алып барды.

 Иш-чаранын жүрүшүндө “Ыйман” диний коомдук фонду тарабынан тартылган, тарбиялык мааниси терең 2 фильм  жалпы катышуучуларга көрсөтүлдү.

  Ата энеге болгон терең сый-урматтын канчалык маанилүүлүгү, баланын ата эненин алдындагы парздары тууралуу жеткиликтүү мыкты деңгээлде жалпы катышуучуларга түшүндүрө алган Нуржигит Кадырбеков, катышучулардын да көптөгөн кызыктуу суроолоруна жооп берди.

  “Бейиш ата эненин таманынын астында, ата энеге болгон сый урмат Аллага болгон сый урмат. Ата энеге болгон чексиз мээрим, Меккеге барып, ажылык сапар өтөп келгенден да жогору турат.” Семинардын спикеринин бул сөздөрү жалпы катышучуларга терең ой калтырды.

  Мындан сырткары Нуржигит агай, жалпы катышуучуларга мотивация берип, убакытты баалай билүү,  кандай китеп окуу керек, өзүмчүлдүктү кантип жеңүү керек өңдүү актуалдуу суроолорго жооп берип, учурдун эң маанилүү суроосуна өзүнүн төмөнкүдөй оюн билдирди:

   “ Убакыттан баалуу байлык жок. Ал эми эч ким эле өз баалуулугунун талаага учушун, желге кетишин каалабайт. Ал эми азыр көпчүлүгүңүздөр соц.тармактарда отуруп, өзүңөрдүн убактыңарды өзүңөр жеп жатасыңар. Жаштыкты да, убакытты да туура багытка пайдалана билгиле.”

Семинардын аягында катышуучуларга Нуржигит Кадырбековдун китептерин кол тамга менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү буюрду.

                                                                                             Баян Аманатова даярдоо курсунун студенти

 

                   “Ата энең сенин бейишиң” Нуржигит Кадырбековдун семинары                    “Ата энең сенин бейишиң” Нуржигит Кадырбековдун семинары                    “Ата энең сенин бейишиң” Нуржигит Кадырбековдун семинары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться