“Кел бөлүшөлү” семинары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Кел бөлүшөлү” семинары

Кечээ, 18-октябрда Кыргыз Түрк Манас университетибизде Студенттик Кеңеш жана “Билим” координаторлугу тарабынан уюштурулган “Кел бөлүшөлү” аттуу семинар болуп өттү.



“Кел бөлүшөлү” аттуу семинардын жүрүшүндө 2014-жылдан быйылкы жылга чейинки алмашуу программалары аркылуу чет өлкөгө барып, билим алып жана тажрыйба топтоп келген 8 студент  өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

       “Mevlana” программасы менен Түркияга барган 4-курстун студенти Нурбек Орозалиев, программа тууралуу жана жеке тажрыйбасын айтып жатып төмөнкүлөргө токтолду:

“ Мен барган долбоор 2011-жылдан бери иш алып барат. 2012-жылдан быйылкы жылга чейин биздин университеттен 207 студент барган. Мага Түркиянын Эски-Шехир шаарына барып, Анадолу университетинде 4 ай билим алып келүү мүмкүнчүлүгү буюрду. Ийгиликтин башаты-аракет, андыктан жакшы окугула!”

     Алмашуу программаларынын пайдасы тууралуу “Talk camp 2017” долбоору менен  Малайзияга барып, билим алып келген, Студенттик Кеңештин төрагасы Залкар Аманов:

“ Чет өлкөдө билим алууда, жоопкерчилик чоңоёт, умтулуу болот. Билимиңди өркүндөтүү менен бирге маданият алмашууга, көптөгөн өлкөлөрдөн келген, билимге умтулган жаштардан дос күтүүгө, башка мамлекеттердин алдында өз өлкөңдү таанытууга мүмкүндүк түзүлөт” деп өз оюн билдирди.

                                                                                                              Баян Аманатова даярдоо курсунун студенти.

                                            “Кел бөлүшөлү” семинары                                             “Кел бөлүшөлү” семинары                                             “Кел бөлүшөлү” семинары                                             “Кел бөлүшөлү” семинары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться