Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар.

“Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турмуш-тиричиликти тейлөө имаратында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар өттү.

Иш-чарага окуу жайдын студенттери жана окутуучулар катышты.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлү Эсен Жумакунов   студенттерге өлкөдөгү диний кырдаал, дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиле, диний чөйрөдө мамлекет кандай саясат жүргүзүп жаткандыгы туурасында кыскача маалымат берди. “Кыргызстанда диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты либералдуу деп айтсак болот. Совет мезгили кулагандан кийин эгемендүүлүктүн шарданы менен диний эркиндик деген түшүнүк пайда болду. Учурда өлкө боюнча 3000ге жакын мечит болсо, алардын эки жарым миңи гана каттоодон өткөн. Ал эми айыл жергесиндеги кээ бир имам, молдолорду аттестациядан өткөргөндө алардын билим деңгээлинин төмөндүгү дароо эле билинип калды. Мындан тышкары Кыргызстанда исламдын түрдүү агымдары менен бирге башка диний уюмдар да бар. Андыктан мамлекет динди жөнгө салууга мажбур”,-деди Э.Жумакунов.

Мындан тышкары Э.Жумакунов диний сабатсыздыктан улам канчалаган мекендештерибиз Сирияга согушка жөнөп жатышкандыгын, муну алдын алуу үчүн элге туура маалымат жеткирүү керектигин баса белгиледи: “Президентибиз Алмазбек Атамбаев салттуу исламды жайылтуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди. Бул жааттта биз Түркиядан өрнөк алышыбыз керек деп эсептейм. Манас университетинде Теология факультетинин ачылгандыгы да көңүл кубантат. Ыйман фондунун ишмердүүлүгүндө да Түркия тараптан чоң колдоо болуп жатат. Андыктан бул маселеде биз Түркия тарап менен тыгыз иш алып баруубуз керек деп эсептейм”.

Эсен Жумакунов келечекте өлкөдөгү диний кырдалды оң багытта жолго салууда бир топ иштер аткарыларын белгилеп, бул жаатта жаштардын да салымы болушу керектигин айтты.

Семинар студенттер жана окутуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аяктады.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар. Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген темада семинар.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться