Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды.



Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына 2017-жылдын 5-6-октябрь күндөрү жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында «Эки өлкөнүн жетишкендиктери» аттуу көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кыл тармактарындагы ишканалар жана билим берүү мекемелери катышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өлкөбүздөгү 52 жогорку окуу жайынын ичинен 6 университет тандалган. Алардын арасында Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргызстан-Россия Славян Университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, К. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети, Ош Мамлекеттик Университети жана биздин окуу жайыбыз орун алды.

Көргөзмө-жарманке  өз ишин 2017-жылдын 5-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика министри Андрей Новиков жана Өзбекстандын Тышкы соода министри Элиёр Ганиевдин куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соӊ көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев жана жана Өзбекстандын Президенти Ш.М. Мирзиёев келишип, өтө кылдаттык менен бардык көрсөтүлгөн стенддерди кыдырып чыгышты.

Көргөзмө-жарманкенин жүрүшүндө жергиликтүү калк тарабынан окуу жайыбызга болгон кызыгуунун жогору экендиги байкалды. Аталган иш-чара өз ишин 6-октябрь күнү аяктады.

Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды. Окуу жайыбыз Өзбекстандагы көргөзмө-жарманкесинде таанытылды.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться