Жаңы келген студенттер менен таанышуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаңы келген студенттер менен таанышуу

Ар бир окуу жылынын башында жаңы тапшырган студенттер менен таанышуу салтка айланган.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилигинде ар бир окуу жылынын башында жаңы тапшырган студенттер менен таанышуу салтка айланган. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Студенттик иштер башкармалыгына караштуу студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү координациялоо мүдүрлүгү тарабынан 2017-2018-окуу жылында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине башка мамлекеттен тапшырган студенттер менен таанышуу жыйыны К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өттү.

Ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Хусейин ϴгүт жана проректор, профессор Анварбек Мокеев, окутуучулар жана студенттер катышты.

Жолугушуу жыйынында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы:  “Биз силер менен бүгүн биринчи ирет көрүшүп турабыз. Мындан ары да студенттерибиз менен маектешүү жолугушуусун өткөрүп, биримдик жана ынтымак ичинде бири-бирибизди дагы жакындан таанууга аракет кылабыз. Ар бирибиз өзүбүздү Манас деген чоң үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары көрүп, милдеттерибизди так аткарышыбыз керек. Биздин милдет силерге татыктуу билим менен тарбия берүү. Силер да бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары өз милдетиңерди так аткарууга милдеттүүсүңөр. Университеттеги бардык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана билгиле жана жакшыга жанашып, жаман адаттардан алыс болгула. Жакынкы арада өзүңөрдүн билимиңерди көрсөтөсүңөр деп ишенем.”, -деди ректор.

Андан кийин окуу жайдын проректорлору, профессор Хусейин ϴгүт жана Анварбек Мокеев бардык эле жаштар Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло бербестигин белгилеп, университетте студенттер үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айтышты.

КТМУнун жетекчилиги ар бир окуу жылында студенттер менен жакындан таанышуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашуу максатында маектешүү жыйынын уюштуруп келет. Мындан сырткары ректор, профессор Себахаттин Балжы  аптанын белгилүү бир күнүндө студенттерди кабыл алып, ар бир студенттин суроо-талаптарын угуп турат.


Загрузка плеера...


Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу Жаңы келген студенттер менен таанышуу

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться