КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси» башталды.



2017-жылдын 20-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси» башталды.

Дүйнөдөгү, ошондой эле Түркия жана Кыргызстандагы айыл чарбанын бардык тармактарындагы эң алдыңкы жана жаңы иштеп чыгууларды, ойлоп табууларды жана жаңы технологияларды талкулоого алып чыгуу менен маалымат алмашууну камсыздаган бул конгресс Түркиянын Селжук, Нежметтин Эрбакан жана Ван жүзүнчү жыл университетинин колдоосу менен өтүп жатат.

Конгресске  университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, Түркиянын Нежметтин Эрбакан университетинин проректору Тахир Юксек жана Ван жүзүнчү жыл университетинин проректору Ахмет Казанкая, ошондой эле дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн; Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия, Азербайжан, ϴзбекстан, Германия, Америка, Украина, Иран, Молдавиядан  келген окумуштуулар, окутуучулар, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Илимий конгресстин ачылышында айыл чарба факультетинин деканы, профессор  Мустафа Паксой конгресстин максатына токтолуп: “Евразия айыл чарба жана табигый илимдер конгресси айыл чарбанын бардык тармактарындагы илимий изилдөөлөр, жалаң эле айыл чарба илимдери эмес, айлана-чөйрө, экология, тамак-аш инженериясы тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн тегерегинде да ой жүгүртүп, көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана илимий-практикалык жактан тажрыйба алмашууну максат кылды. Конгрессте талкууланган белгилүү бир жыйынтыктар Кыргызстандын айыл чарба илиминин өнүгүшүнө да салым кошот деген ойдомун.”, деп илимий иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Ал эми окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы жаңы окуу жылынын башталышындагы жакшы иш-чара болуп жатканын белгилеп: “Орто Азиянын эң кооз өлкөсү Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк “Манас” университети илимий иш-чараларды өткөрүүнүн өзүнчө бир аянтчасы болуп калды, себеби университетте жыл сайын 80ге жакын илимий конференция жана семинарлар өтүп турат. Биздин негизги максатыбыз дүйнөлүк илимге салым кошуу болуп саналат. Бүгүн окуу жайыбызга дүйнөнүн абройлуу окумуштуулары келип, илимий жактан тажрыйба алмашып жатышы чоң кубаныч.

Албетте азыркы учурда азык-түлүк проблемалары эң курч маселелердин бири. Дүйнө жүзүндө адамдардын санынын өсүшү менен тамак ашка болгон тартыштык пайда болууда. Байкап көрсөк, учурда көпчүлүк эл, айрыкча жаштар шаар жергесине отурукташып жатышат, бунун себебинен айыл чарба багытындагы жерлер ээн калып, иштетилбей бош калууда. Келечекте сапаттуу тамак-аштын жетишсиздиги, элдин келечегине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бул бизге билинбегени менен изилдөө иштеринин жыйынтыгы ушуну айтууда.  Ошондуктан бул багытта чукул чараларды көрүп, алдын алуу, экологиялык жактан таза азык-түлүк өндүрүү, коопсуз экологиялык таза продукция өндүрүү маселелерин  чечүү зарыл”, -деп, илимий иштин жыйынтыктары Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деген оюн билдирди. 

Андан кийин Ван жүзүнчү жыл университетинин проректору, профессор Ахмет Казанкая жана Нежметтин Эрбакан университетинин проректору, профессор Тахир Юксек конгресстин ачылышы менен куттуктап, илимий иштин ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшүн каалашты.

Конференциянын калган бөлүгү пленардык жана секциялык бөлүктөргө бөлүнүп, 23-сентябрга чейин уланмакчы.


Загрузка плеера...


КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат КТМУда Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгресси өтүп жатат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться