Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı

Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi’nde, 9 Şubat 2016 tarihinde, Ali Şir Nevâi ve Babür Şah’ı tanıtan bir program düzenlendi.



Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында “Түрк дүйнөсүнүн жылдыздары” аттуу иш-чаранын алкагында Алишер Навои жана Закриддин Мухаммад Бабур Шахтын чыгармачылыгын  эскерүү кечеси болду.

Аталган иш-чара Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “Манас” университетинин 20 жылдык мааракесин белгилѳѳ иш-чараларынын алкагында  уюштурулду.

Иш-чарага ар кыл мамлекеттердин элчилери, окутуучулар, студенттер жана ММК өкүлдөрү катышты.

Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы эскерүү кечесинде сүйлѳгѳн сөзүндө Орто Азия аймагы  жалпы адамзат үчүн тарыхый жер экендигин, бул аймакта улуу цивилизациялар курулгандыгын баса белгиледи. Ректор: “Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө караңгылык доор өкүм сүрүп турган мезгилде Орто Азия,  Анатолия жана Жакынкы Чыгыш маданиятта, илим-билимде жана адеп-ахлактуулукта өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен. «Манас» университети түрк дүйнөсүнүн мурасын өзүнүн асыл кенчиндей көрөт. Биздин башкы максат мекенчил, ар тараптан өнүккөн жана өз баалуулугун даңазалаган жаштарды тарбиялоо”,-деди.

Себахаттин Балжы иш-чаранын максаты тууралуу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: “Бизден кандай гана улуу адамдар чыккан. Алардын ичинен артына эбегейсиз из калтырган Өзбекстандын чыгаан эки инсанынын атын атабай кетсек болбойт. Булар: Алишер Навои жана Бабур Шах. Бул эки инсан тең орто кылымдын жаркыраган чолпон жылдыздары. Биз мындай зор талантка эгедер ата-бабаларыбыз менен сыймыктанып аларга терең таазим этебиз”.    

Ал эми окуу жайдын Бирични проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев өз сөзүн: “Бүгүнкү иш-чарада 3 өлкөнүн (Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан) улуттук гимни жаңырды. Бул нерсе символикалуу түрдө көп нерсени түшүндүрөт. Келечекте университетибизде бир тууган элдердин да улуттук гимндеринин жаңырышын каалайт элем”,- деген сөздөрү менен баштады.

Андан соң иш-чаранын мааниси тууралуу буларды айтып берди: “Орто кылымда уникалдуу эмгектери менен өзгөчөлөнгөн Махмуд Кашгари, Ибн Сина, Алишер Навои, Бабур сыяктуу улуу ысымдар тарых барактарында сакталып калды. Мындай инсандарды эскерген иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси өтө зор”,-деди. Андан соң: “Тарыхта бир нече башкаруучулар өткөн, бирок алардын бардыгынын эле ысымдарын биз биле бербейбиз. Артына өчпөс из калтырган адамдар гана калайык журттун эсинде калат. Орто Азиядагы шаарлардын кеминде 1000жылдык тарыхы бар. Мындай бай мурас дүйнө элдерин суктандырбай койбойт. Андыктан өз тарыхыбызды жана маданиятыбызды билүү биздин ыйык милдет”,-деп сөзүн жыйынтыктады проректор Асылбек Кулмырзаев.

Иш-чарага келген Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов алгач мындай иш-чараны уюштурууда чоң көмөкчү болгон Манас университетинин жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирип, түрк дүйнөсүнүн жылдыздары Алишер Навои жана Мухаммад Бабурдун эмгектерине жана адамдык сапаттарына токтолду.  “Бул улуу ойчулдардын эмгектери бир нече тилге которулган. Дүйнө эли аларды чоң кызыгуу менен окушат. Алардын чыгармаларынан мекенге болгон сүйүү, адамдарга болгон сый-урмат жана бийик адеп-ахлактуулукту көрүүгө болот”,-деди Комил Рошидов.

Иш-чаранын алкагында “Алишер Навои жана Мухаммад Бабур” тууралуу тартылган тасма, китеп жана сүрөт көргөзмөсү да уюштуруп, чыгармачыл кече  Манас университетинин студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

Радио ТВ башкармалыгы,

Массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү


Загрузка плеера...


Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı Türk Dünyası Yıldızları Manas’ta Parladı

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться