Коммуникация факультети Россиядан 2-орунду алды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникация факультети Россиядан 2-орунду алды

KTMÜ İLEF öğrencileri kendilerini kanıtlamaya devam ediyor.



Үстүбүздөгү айдын 19-23 май күндөр аралыгында Россиянын Ярославль шаарында өткөн “Свет Миру” аттуу Эл аралык VII жаштаркинофестивалында КТМУнун Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери “Аңчылык” аттуу даректүү тасма менен 2- орунду багындырды.

Аталган фестивалда “Аңчылыктасмасы “Эн мыкты оператордук иш» наамына ээ болду. Тасманы радио, телевидение жана искусство бөлүмүнүн 3-курс студенттери Илгиз Шернияз, Медербек Кеңешов, Рахат Жолдошбекова жана Арстанбек Дукуевдер тартышкан.

Эл аралык VII жаштар кино фестивалында жалпысынан дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген киноматографисттер катышып, анда 500 иш калыстар тобунун сынына коюлган. Фестивалдын финалына эң мыкты делген тасмалар, клиптер, репортаждар тандалып алынган.

“Свет Миру” аталышындагы фестивалдын негизги максаты жаштарды туура нравалык жолго багыттоо жана эл аралык мамилелерди бекемдөөменен кино искусствонун кесиптик деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Коммуникация факультети Россиядан 2-орунду алды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться