ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 15-19-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды.



    Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдүү жетекчилик кылгын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндарынын жыйынтыктоо аземи, 2017-жылдын 19-майында, “19-май – Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт” майрамына карата уюштурулду.

       Аземге Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидайет Оручов, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилигинин билим берүү кеңешчиси Режеп Сула, аталган элчиликтин аскер аттешеси Эркан Эрбай, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басары, доктор Өмер Кожоман, Түрк кеңеши ТҮРКУНИВдин мезгилдүү жетекчиси, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректорлор, профессор Анварбек Мокеев жана профессор Хүсейин Өгүт, спорт мекемелеринин өкүлдөрү, спорт сүйүүчүлөр, окуу жайдын профессордук жана администрациялык жамааты, студенттер жана ММК өкүлдөрү катышты.

      Достук жана бир туугандык күрөшү ...

   ТҮРКУНИВдин мезгилдүү жетекчиси, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы ачылыш сөзүндө, ТҮРКУНИВ ишин баштагандан бери эң биринчи жогорку деңгээлде уюштурулуп жаткан спорттук оюндары ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын айтып, мелдешке катышкан бардык катышуучулар достук жана бир туугандык ичинде берген эмгектеринин үзүрүн көрүп, татыктуу орундарга ээ болушканын белгиледи.

      Дүйнөгө ынтымагыбызды даңазаладык...

    Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы сөзүн улантып жатып: “Спортту сүйгөн жаштар, келечекте дагы көп-көп жолугуу тилектерин билдиришти. Бул оюндар менен тилде, пикирде, иште бирдик деп айтканыбыздай эле биргеликте иш алып бара алаарыбызды, бири-бирибизди мыкты түшүнөөрүбүздү далилдедик. Башкача айтканда, КТМУ да, Түрк кеңеши да белгилеген максатына жетти десек жаңылышпайбыз”,-деген пикирин билдирип, бардык катышуучуларга жана уюштуруучу жамаатына, салым кошкондордун баардыгына ыраазычылыгын айтты.

        Оюндарга болгон кызыгуу көңүл кубантарлык...

    Ачылыш сөзүндө Түрк кеңешини башкы катчысынын орун басары, доктор Өмер Кожаман да Түрк кеңешинин өкмөт башчыларынын саммитинде жаштар жана спорт темаларында иш-чаралар уюштуруу үчүн тапшырмалар берилгенин айтып, бир топ жерлерде бул алкакта иш-чаралар өткөрүлүп жатканын билдирди: “Бардык иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлүп жатканы бизди абдан кубантууда. Бул спорт оюндарына болгон кызыгуу да абан жогорку деңгээлде экендиги байкалып турат”,-деген оюн билдирди.

       Достуктар бекемделет...

     КТМУнун проректору, профессор Анварбек Мокеев өз сөзүндө, бул спорт оюндарына катышкан жаштардын достугу кийин да улантыларына жана келечек муун бир туугандык мамиледе болооруна ишеничи чоң экенин билдирди.

Окуу жайдын дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин директору, доцент Канат Жанузаков, спорт оюндары достукту жана ынтымакты бекемдегенин айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң иш-чара, спорт оюндарына катышкан делегациялардын башчыларына сертификат тапшыруу жана эки өлкөнүн гимни менен жыйынтыкталды.

    Кошумчалай кетсек, бул жылы биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Түрк кеңеши ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндарына Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Бишкек гуманитардык университети, Кыргызстан эл аралык университети, Баку мамлекеттик университети, Ахмет Ясави университети, Л. Н. Гумилеев атындагы Евроазия университети, Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университети, Ататүрк университети, Азербайжан архитектура жана курулуш университети жана Стамбул университетинен 235 спортчу катышты.

       5 күн бою улантылган I спорттук оюнунда спортчулар футбол, ‘streetball’, волейбол, күрөш, таяк тартыш боюнча ат салышышты. Жыйынтыгында Стамбул университети ‘streetball’ боюнча мелдеште, Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университети футбол жана волейболдо чемпион болушту. Эркин күрөш жана грек-рим күрөшүндө 8 түрлүү салмактагы спортчулар арасында Ататүрк университети 5 алтын медалга ээ  болуп алдыга чыкты. Калган медалдар бардык катышуучуларды кайдыгер калтарган жок.


Загрузка плеера...


ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды ТҮРКУНИВдин I спорттук оюндары жыйынтыкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться