Афганистан Республикасын таанытуу күнү өткөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Афганистан Республикасын таанытуу күнү өткөрүлдү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) “Афганистанды таанытуу күнү” иш-чарасы өткөрүлдү.



   2017-жылдын 17-майында КТМУнун гуманитардык факультети жана улуттар аралык студенттер координаторлугу тарабынан уюштурулган иш-чарада Афганистан Республикасынын улуу акыны Адем Сенаи Газневи эскерилип, муну менен катар Афганистандын маданиятын чагылдырган ар түрдүү буюмдар көргөзмөгө коюлуп,  концерттик программа менен коштолду.

Иш-чарага Афганистан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммед Исса Месбах, Түрк Кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдүү жетекчиси жана КТМУнун ректору профессор Себахаттин Балжы, проректору, профессор Анварбек Мокеев, ага окутуучулар, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышышты.

   Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы ачылыш сөзүндө КТМУнун студенттеринин өз өлкөлөрүн жана алардын түрдүү баалуулуктарын таанытуу иш-чаралары салтка айланганын белгиледи. Ректордун айтуусу боюнча, бул иш-чарага чейин Түрк дүйнөсүнүн чыгаан алптары Али Шер Навои, Юнус Эмре, Алыкул Осмонов, Абай сыяктуу көптөгөн инсандар эскерилди.  “Булардын ар бири маданиятыбыздын жаркыраган жылдыздары. Биз алардын артында калтырган баалуулуктарын эскерип да, санап да бүтө албайбыз. Алар келечектегибиз, сыймыгыбыз, орток мурасыбыз”,-деди.

Маданият жана цивилизация баалуулуктары чыныгы байлык, ал эми материалдык байлык убактылуу экендигин баса белгилеген Себахаттин Балжы: “Канчалык бай болсо да, коомго эмгеги сиңбеген адам эч качан эскерилбейт. Алардын кылган кызматы аркылуу кылымдар бою эл эсинде сакталат. Чыныгы байлык, мына ушул. Чыныгы бай адамдар цивилизацияны куруп, маданиятты келечекке мурас калтыргандар”,-деген пикирин билдирди.

       Бардык Ислам коомчулугунун маданиятты, илим-билимди барктаганынын натыйжасында тарыхта улуу инсандарды калтырганын кошумчалаган Себахаттин Балжы: “Улуу инсандар миң жыл өтсө да унутулбайт. Адем Сенаи Газневи дагы чыгармалары менен жүрөгүбүзгө нур сепкен инсан. Ал дагы унутулбаган баалуулуктарыбыздан өз ордун тапкан”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Афганистан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммед Исса Месбах, КТМУга, афганистандык студенттерге берген билими, түзгөн шарттары үчүн рахмат айтып, иш-чара тууралуу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү. “Адем Сенаи Газневи – биздин сыймыгыбыз. Ал артында калтырган иштери менен унутулбай, тарыхтан ордун алды”,-деп, “Илимдин жарыгы абдан күчтүү, ал күндүн жарыгы жетпеген жерге да жете алат. Афганистандан бул жакка келген жана бардык студенттерге  КТМУдагы мугалимдерден терең билим алып, жаркын келечек үчүн күрөшүүлөрүн каалаймын”,-деди.

    Акындын басып өткөн жолун чагылдырган кыска тасмадан кийин, студенттер тарабынан кыргызча, туркчө, орусча, фарсча, пуштунча, өзбекче, түркмөнчө жана англисче акындын ырлары көркөм окулду. Андан кийин иш-чара бий, театр оюну жана концерт менен коштолгон концерттик программа менен жыйынтыкталды.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться