Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү

Кыргыз-Түрк “Манас университетинде өткөрүлгөн “Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү” иш-чарасынын алкагында Түркмөн эл акыны Фраки эскерилди.



Үстүбүздөгү жылдын 17-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чара КТМУнун гуманитардык факультети жана эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага КРнын Тышкы иштер министрлигине караштуу Эл аралык укук департаментинин директору Айбек Молдогазиев, Авганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммед Исса, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Комиль Рашидов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, Түркмөнстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов, Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдүү жетекчиси жана Кыргыз-Түрк “Манас университетинин ректору, профессор Себахаттиин Балжы, проректор, профессор Анварбек Мокеев, Бишкектеги “Түркмөн дүйнөсү” бирикмесинин өкүлү Бахар Талиев, ММК өкүлдөрү, ага окутуучулар жана студенттер катышып, иш-чаранын алкагында университеттин экономика жана башкаруу илимдери факультетинин фойесинде көргөзмөгө коюлган Түркмөнстан элинин маданиятын чагылдырган ар түрдүү буюмдар менен таанышып чыгышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн баштардан мурун окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, эки күн мурун университетте “Түрк университеттер ассоциациясынын I спорттук оюндарынын” ачылыш аземи өткөрүлгөнүн белгилеп, кайрадан ошондой маанилүү күндө жолугуп жатканына кубанганын жашыра албай, иш-чаранын бардык катышуучуларын спорт оюндарынын жабылуу салтанатына чакырды.

Андан соң Түрк дүйнөсү, анын ичинде Түркмөн элинин маданияты тууралуу кеп салган Себахаттин Балжы: “Тарыхыбыз жана маданиятыбыз өтө бай. Мунун бир мисалы катары, залкар адамдарыбызды белгилеп кетким келет. Албетте, мындай улуу адамдарды ар бир улут урпактарына таанытууну көздөйт. Биз да мунун жалгыз эле түрк дүйнөсүндө эмес башка элдерге да жеткирүүгө аракет кылып келебиз”,-деп, ушундай залкар адамдардын бири, түркмөн элинин улуу акыны Махтумкулу Фираки тууралуу кеп козгоду.

Окуу жайдын проректору, профессор Анварбек Мокеев да кебин  Махтумкулу Фираки туурасында баштады. Анварбек Мокеевдин айтымына караганда, Фираки бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндө жанып турган жылдыз катары таанылып, улуу сый-урматка татыктуу болгон. Ал 14төн ашык өлкөдөн келген жыйырма чакты шакирт тарбиялаган. “Ушундай залкар адамдарыбыз студенттер арасындагы ынтымакты бекемдөөгө салым кошот”,-деген Анварбек Мокеев, “Андыктан жаштарыбыз түрк дүйнөсүнүн орток маданиятын мыкты өздөштүрүүлөрү керек”,-деген пикирин билдирди.

КРнын Тышкы иштер министрлигине караштуу Эл аралык укук департаментинин директору Айбек Молдогазиев өз сөзүндө Түркмөнстан Республикасынын Баш мыйзамын кабыл алынган күнү менен куттуктап, Махтумкулу Фракинин эскерүү иш-чарасына катышып жатканына кубанганын билдирди.

Түркмөнстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов болсо, сөзүнүн башында, 17-майда Түркмөнстан мамлекетинин Баш мыйзамынын кабыл алынгана 25 жыл толгонун айтып өттү. Андан соң улуу акын Махтумкулу Фракинин өмүрү жана чыгармачылыгына токтолгон элчи,  ар бир айтканы лакап болгон улуу акын эмгеги эл арасында сакталуу бойдон экенин айтып, анын чыгармаларындан кыргыз тилине которуу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, акындын түрк тилине которулган китептерин окуу жайдын ректоруна тапшырды.   

Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч: “Махтумкулу Фраки -  Борбордук Азиянын эң мыкты жерлеринде билим алып, классикалык адабиятка өзүн сугарган, арап жана фарс тилдери суудай билген, түркмөн улуттук аң-сезиминин түптөлүүсү үчүн талыкпай эмгектенген улуу инсан. Ал Түркмөнстан калкына багытталган чыгарма жазуу менен түрк дүйнөсүнө да көптөгөн эмгегин калдырды”,-деди.

Мындай пикирлерин иш-чарага катышкан элчилер да билдирип, Махматкулу Фаркинин басып өткөн өрнөктүү жолунан мисалдар келтиришти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынан бири гуманитардык факультеттин түрколгоия бөлүмүнүн ага окутуучусу, профессор Жейхун Ведат Уйгур, акын Фракинин чыгармалары, басып өткөн жолу тууралуу кенен маалымат берип өттү.

Иш-чаранын аягында акын тууралуу кыска тасма жана аны улай 2017-жылы олимпиада оюндары өткөрүлө туран Ашкабад шаарындагы олимпиада комплексинин таанытуу фильми көрсөтүлүп, Түрмөнстандын улуттук гимни менен башталган концерттик программа тартууланды.


Загрузка плеера...


Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү Түркмөнстан Республикасын таанытуу күнү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться