Коммуникация факультетинин сыйлыгы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникация факультетинин сыйлыгы



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлумүнүн 2-курсунун студенти Элдияр Кадыровго КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сыйлык тапшырылды.
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында коммуникация факультетинин деканы, профессор Хамза Чакырга иш сапары менен келген КРнун саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Элдиярга сыйлыгын тапшырып кетишти.
КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган “Кургак учукту бирге жеңели” аттуу конкурска катышкан тасмалар ичинде Кадыровдун анимация фильми 1-орунга татыктуу деп табылган. Эми аталаган тасма кургак учук оорусунан сактануу жана алдын алуу максатында коомдук жайларда көрсөтүлөт.

Коммуникация факультетинин сыйлыгы Коммуникация факультетинин сыйлыгы Коммуникация факультетинин сыйлыгы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться