Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын салтанаттуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.



   Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Түркиянын эл аралык кызматташтык боюнча уюму (ТИКА), ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана “Айтыш” фондунун колдоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын салтанаттуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.

Аталган аземге Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин маданият кеңешчилери жана өкүлдөрү, КТМУнун ректору, биринчи проректору, башка өлкөлөрдөн келген коноктор, ага окутуучулар, студенттер жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Аземдин коноктору Кыргызстандан төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Казакстандан Бөрүбай Оразымбетов, Изат Айдаркулова, Азербайжандан Саит Исаев, Кемале Мехдиева, Түркиядан Нури Чырагы, Айтен Гүлчынар жана Сырры Чобан болушту. Мындан тышкары Рыспек Жумакуновдун дирижерлугунда КТМУнун Түрк дүйнөсү оркестри жана Дастан Комузчулар ансамбли Токтогул Сатылгановдун “Миң Кыял” күүсүндө кол ойнотуп, кечени көрккө бөлөштү.

“Манас” эпосунан жана “Коркут ата” чыгармаларындан эпизоддор чагылдырылып, төкмө акындык өнөрдүн пири Коркут ата тууралуу маалыматтар айтылды. Муну менен катар Кыргыздардын улуу төкмө акыны Барпы Алыкулов менен Түркиянын залкар төкмөсү Ашык Вейсел тууралуу театрдык оюн көрармандардын бүйүрүн кызытты.

Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын салтанаттуу аземи, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевдин ыраазычылык сөзү менен жыйынтыкталды.


Загрузка плеера...


Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары бир сахнада жолугушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться