Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм”

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, бийчи, актриса жана кинорежиссер Асема Токтобекова “Манас” радиосунун  кезектеги коногу болду.



Ар тараптуу таланты бар Асема айым “Автопортрет” программасында бир саат алкагында кызуу маек курду. “Мен чыгармачылыгымды “Боз салкын” тасмасы менен актриса катары баштап, бул  тасма менен  таанылып, Эрнст Абдыжапаров чыгармачылык тушоомду кескен десем жаңылышпайм. Ал тасма менин багымды  ачат деп эч ойлогон эмесмин. Күйөрмандарым көбөйүп, бат эле эл оозуна алындым. Ага чейин “жылдыз оорусу” тууралуу көп эле уккам. Бирок менде андай сезимдер деле болгон жок. “Жылдыз оорусу” кандай экенин, ага чалдыкканда кандай сезимдер келээрин алигиче биле элекмин. “Боз салкын” тасмасынан кийин чыгармачылык чордонуна кантип киргенимди өзүм да байкабай калдым. Ар тармакта иш алып барганыма карабастан, бардык иштеримди майын чыгара аткарганга аракет кылам. Азыркы учурда дагы бир жаңы тасманын үстүндө иш алып баруудамын. Тасма бизге айыл атмосферасын чагылдырып, жаштарыбызды патриоттуулукка үндөйм деген ишеничтемин.  Азырынча тасманын аты коюла элек, бирок режиссерлукта жана  башкы ролдо өзүм болом (күлүп).” – деген ойлору менен бөлүштү.

           Эскерте кетсек, “Боз салкын” тасмасынан тышкары “Уурунун махабаты”, “Көк жал” сыяктуу тасмаларда дагы жигердүү иш алып барган. Сахнада болсо “Асем кыз”, “Апакем”, “Унутам сени”, “Кызыма” аттуу ырларын тартуулаган. Асема Токтобекованын   жаңы  тасмасын чыдамсыздык менен күтмөкчүбүз.

 

 

Жазган : Жоомарт Шайдылдаев

         Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм”          Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм”          Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм”          Асема: “Жылдыз оорусу эмне экенин билбейм”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться