2016-жылы өлкөбүз боюнча 2500 бак мыйзамсыз түрдө кыйылган. Натыйжада мамлекеттик казынага 2 млн сом чыгым алып келген.
2016-жылы өлкөбүз боюнча 2500 бак мыйзамсыз түрдө кыйылган. Натыйжада мамлекеттик казынага 2 млн сом чыгым алып келген. Ал эми 1980-жылдарда Бишкек шаарынын ар бир жашоочусуна 25 м кв жашыл аймак туура келчү, азыркы учурда болсо ал көрсөткуч экологдордун айтуусу боюнча 3,5 м квдан 5 м квга чейин түштү. Эгерде аталган көйгөйлөр чечилбестен , ушундай темп менен кете берсе, бир кездеги ”жашыл шаар” аталган борборубуз көрксүз, жансыз шаарга айланары шексиз. Эң коркунучтуусу шаардагы температура 4 градуска жогорулап, жашоочулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Румынияда бак-дарактарды кыюу эко терроризм катары кабыл алынат. Ал эми Бишкек шаарында курулуш иштери, унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү, жаңы имараттарды салуу иштеринин натыйжасында көптөгөн бак-дарактар кыйылууда. “Арча ”коомдук фондунун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкиндин айтымында, учурда “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын “Авариялык абалдагы, жарактан чыккан бактарды кыябыз” деген лозунгдун астында жүргүзгөн иштери чындыгында шаарыбызга пайда келтирбестен, тескерисинче анын климатынын өзгөрүшүнө алып келет.
-Бишкек шаары СССР маалында жашылдандыруу боюнча Киев шаарынан кийинки эле орунда турган. Быйыл шаарыбыздагы бак-дарактарды кыюу иш-аракеттери жылдагыга салыштырмалуу көбөйдү. Шаарыбыз жашылданып жатат деген сөздөргө карабастан, тескерисинче жашылдандыруу күндөн- күнгө аксоодо. 25 жыл аралыгында “Түштүк дарбаза” паркындагы бак тигүү , отургузуу иштеринен тышкары көзгө көрүнөрлүк көчөт тигүү иш-аракеттери жүргүзүлгөн жок. Бак-дарактар-жандуу организм. Ал асфальт жерлерде отургузулупкалган үчүн бак-дарактар ар кандай ооруга чалдыгууда. Жер семирткичтер берилбегени, туура эмес кыйыштыруунун айынан дарактар авариялык абалга дуушар болууда. Бак-дарактардын кыйылышынын эң негизги себептеринин бири жаңы имараттарды унаа токтотуучу жайларды куруу болуп саналат. Учурда көпчүлүкшаар тургундары “Эски ,жарактан чыккан” дарактарды кыйышууда деп ойлошот. Бирок, чындыгында андай эмес. Байкасаңыздар, жаңы, жаш бактарды деле кыйышууда.
Экологдордун айтымында, учурдагы бак-дарактарды кыюу иш-аракеттери нормага туура келбейт. Бул пикирдин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Бул соболго жооп алуу үчүн, деги эле Бишкек шаарындагы жашылдандыруу, бактарды кыюу, аларды дарылоо иштери тууралуу билүү максатында Бишкек шаардык “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын агроному Жумалиев Жаныбек менен маек курдук.
-Бишкек шаарындагы негизги жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу иши 1950-60-жылдарга туура келет. Бирок ошол кездеги жашылдандыруу нормага ылайыкталбай имараттардын жанына, тратуарлардын ортолоруна, электр зымдары кеткен жерлерге отургузулуп калган. Бүгүнкү күндө ал бак-дарактардын мөөнөтү өтүп, кыюуга туура келүүдө. Себеби карыган бактаркулап, адамдардын үстүнөтүшүп кырсыкка жол ачууда. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан буйрук чыгып, шаарыбыздагы эскилиги жеткен бак-дарактарды кыюу тууралуу акты түзүлгөн. Учурда “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын карамагында 182000 бак бар. Аталган мекеме 115000 бакты карап чыгып, анын ичинен 6672 си нормага туура келбегендиги аныкталган. Ошондой эле Чүй- Панфилов көчөлөрү реконструкцияланып андагы тратуардагы эски картаң бактар алынууда. Норма боюнча жол жээгиндеги бактарга 40-50 жыл болгондон сон аларды кыйып ордуларына жаңыларын отургузуу керек.
Имараттарды салуу, авто унааларды токточуучу жайларды куруу ж.б. иштер биринчи орунга чыгып, ал эми жашылдандыруу, бак-дарактарды ортургузуу иш-аракеттери экинчи планга жылып калган. Курулуш иштери, заманбап шаар куруу жашылдандырууга кандай таасирин тийгизет? Бул тууралуу Кыргыз Улуттук Университетинин физ.география кафедрасынын доценти Молдошев Кайратбек төмөндөгүлөрдү айтып берди.
-Учурда борборубузда курулуш иштери тез темп менен жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында бак-дарактар кыйылып бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. Бак-дарактар бул абаны фильтирлөөчү каражат катары кызмат кылат. 1986-жылы Кыргыз Республикасында “Токойлордун деградациясы” экологиялык көйгөйлөрдүн эң орчундуусу катары кабыл алынып “Токой ” аттуу прогграмма иштелип чыккан. Ал программанын негизги максаты ар бир ишкана жазында же күзүндө бак-дарак тигип турушу абзел. Жолду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюу көйгөйүн да айта кетпесек болбойт. Ошондой эле бак-дарактардын оорулары, жалбырактарынын саргайып кетиши сындуу көйгөйлөрүн изилдөө боюнча “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасы иш жүргүзүшү керек.
Даярдагандар : Айдана Төлөнова
Кымбат Айтыбекова