«Кош келиңиз» - жаңы кыргыз тасмасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Кош келиңиз» - жаңы кыргыз тасмасы

Тасманын директору Адиль Урдиновдун айтымында , " Кош келиңиз" фильминде роль жараткан  дээрлик бардык актерлор өз ишинин чеберлери.



21-апрелде "Чоң экран" уктуруусунда Адиль Урдинов жана Бектемир Мамаюсупов конокто болушту. Коноктор менен жакында премьерасы боло турчу "Кош келиңиз" тасмасы тууралуу сөз кылдык.

      Тасманын директору Адиль Урдиновдун айтымында , " Кош келиңиз" фильминде роль жараткан  дээрлик бардык актерлор өз ишинин чеберлери.

"Тасмага жалаң профессионал актерлор тартылды. Ошол эле орусиялык Александр Головин каармандын образын  мыкты деңгээлде ачып берсе, өлкөбүздүн актёрлору да мыкты образ жаратышты. Ошондуктан бул тасма тилди билбеген көрүүчүлөргө да түшүнүктүү болот."

     Ал эми фильмдин  продюсери Бектемир Мамаюсупов тасманын максаты жана идеясына токтолду: 

"Бул кинонун негизги максаты элге позитивдүү маанай тартуулоо.  Мындан тышкары, туризмге жакшы салымын кошот деп айта алам. Себеби, мында биз кышкы Кыргызстандын эң кооз жерлерин тарттык. Өлкөбүздүн бардык тармагынан артыкчылыктарын көрсөтүүгө аракет кылдык. "

   Мындан тышкары, эфирдин коноктору "Кош келиңиз" тасмасы бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстан жана Орусияда да прокатка чыгарын кошумчалады. 

Экшн-комедия жанрындагы бул тасманы 4-майдан тарта өлкөнүн бардык  кинотеатрларынан көрө аласыздар.

Жазган: Кенешова Гулзира

«Кош келиңиз» - жаңы кыргыз тасмасы «Кош келиңиз» - жаңы кыргыз тасмасы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться