Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбеков: “АА ишенимдүү маалымат булагы” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбеков: “АА ишенимдүү маалымат булагы”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Түркиянын Анадолу маалымат агенттиги ишенимдүү маалымат булагы экенин белгиледи.



Түркияда эле эмес дүйнөнүн төрт тарабында болуп жаткан окуяларды убагында калктын калың катмарына кабардар кылып турган Анадолу маалымат агенттиги ишенимдүү маалымат булагы катары, сапаттуу жана обьективдүү иш алып барарын белгилеп өттү, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Анадолу маалымат агенттигинин 97 жылдыгын куттуктоо телеграммасында.
Телеграммада, Анадолу агенттигинин мындан кийинки иштеринде ийгилик каалап: “Туура, ылдам, обьективдүү жана бейтараптуу иш алып барган, Түркияда эле эмес дүйнөнүн төрт бурчунда маалымат тараткан Анадолу агенттиги, мындан 97 жыл мурун 1920-жылдын 6-апрелинде Боштондук күрөшүнүн улуу саясатчысы, Түркия Республикасынын түзүүчүсү жана тунгуч Президенти Мустафа Кемаль Ататүрк тарабынан ачылган”,-деп, агенттиктин тарыхына кайрылып өттү. Мындан сырткары Анадолу агенттигинин эл аралык аренага чыкканын, азыркы учурда 11 тилде маалымат таратарын айтып, Кыргызстанда 2004-жылдан бери иштеп келе жатканын белгиледи. Турсунбековдун айтымында, Анадолу агенттиги Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери арасында достук мамиленин бекемделишине көмөкчү болуп келет. Буга өрнөк катары Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Анадолу агенттигинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишимин белгилей алабыз.

 

Кабарчы: Незир Алиев, Анадолу агенттиги

Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбеков: “АА ишенимдүү маалымат булагы”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться