Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду

Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясынын жетекчиси Рифат Хисаржыклыоглы, ассоциациянын максаты түрк тилдүү республикалардын арасындагы стратегиялык байланыштарды дагы да жакшыртууга багытталганын белгиледи. 



Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду
Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясынын жетекчиси Рифат Хисаржыклыоглы, ассоциациянын максаты түрк тилдүү республикалардын арасындагы стратегиялык байланыштарды дагы да жакшыртууга багытталганын белгиледи.
Түрк кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Ата Мекендик ишкерлер ассоцациясы тарабынан түзүлгөн түрк кеңешине караштуу ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны Астанада өткөрүлдү. Түрк кеңешинин башкы катчысы Рамил Хасанов жетекчилик кылган жыйынга, Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясынын жетекчиси Рифат Хисаржыклыоглы, Азербайжан Республикасынын Ишкерлер конфедерациясынын жетекчиси Мамед Мусаев, Кыргыз Республикасынын Соода - өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Казакстан Республикасынын ишкерлер палатасынын жетекчиси Аблай Мырзахметов катышты.
Жыйындын ачылыш сөзүндө, түрк кеңешинин башкы катчысы Рамил Хасанов, ишини мыкты билген адистердин иш алып баруусу, кеңештин иш-аракеттеринен ага мүчө өлкөлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнүн түзүлүүсү, Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясы тарабынан кыргызстандык, азербайжандык жана казакстандык адистерге кесиптик билимдерин кеңейтүүгө шарт түзүлүүсү жана башка ушул сыяктуу иштердин аткарылары пландалып жатканын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын ишкерлер палатасы менен Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жана “орток палата” түзүү боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын ишкерлер палатасынын жетекчиси Аблай Мырзахметов, түрк тилдүү өлкөлөр арасындагы байланыштардын бекемделиши абдан маанилүү экенин айтып: “Бул иш-чараны Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясы менен кызматташуу протоколу менен баштап жатабыз. Буга кийинчерээк Кыргызстан жана Азербайжандан кесиптештерибиздин да ортоктош болооруна ишенем”,-деди.
Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясынын жетекчиси Хисаржыклыоглы жыйында сүйлөгон сөзүндө, акыркы 5 жыл ичинде түрк тилдүү мамлекеттер арасында түзүлгөн кызматташтык байланыштары азырынча эки тараптуу экенин айтып: “Биздин максатыбыз бул кызматташтыктарды төрт тараптуу, алты тараптуу деңгээлге алап келүү”,-деген пикирин билдирди. Хисаржыклыоглынын айтуусу боюнча, 1980-жылдары жеке менчик тармагынын сыртка чыгуусуна жол ачылып, атааандашдыкка шарт түзүлгөн. Эми болсо түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы ишкерлик байланыштарын күчтөндүрүү керек. Азыркы учурда дүйнөлүк экономика кризисинден чыгып, жаңыдан баш көтөрүп баштады: “Америкадан кийин Европа өлкөлөрүндө оңолуулар көрүлө баштады. Өткөн жылы бир алсызданган Россиянын экономикалык абалы быйыл кыйла жакшырганы байкалып турат. Дүйнөлүк экономика ушул темпте оңолуп кетсе биздин өндүрүштүн товарлары да өтүмдүү болот. 2017-жылдагы дүйнөлүк соода-сатык, 2016-жылга салыштырмалуу өйдө болоору күтүлүүдө”,-деп, Түркия жана ага тектеш өлкөлөрдүн эң чоң экспорт кылган өлкөлөрү Европа аймагы жана Россия экенин, андыктан бул мүмкүнчүлүктөн жакшылап пайдалануу керектигин белгилеп өттү. Мындан сырткары Түркиянын палаталар жана биржалар ассоциациясы дүйнөдөгү эң мыкты системалардан бири экенин эске салып: “Биздин система Жибек жолу аркылуу Түркстандан келген кербендер Анатольянын соодагерлери менен жуурулушкан. Андыктан бул аймактан түптөлгөн системаны биздин мыкты өздөштүрүп кетүүбүз шарт”,-деп кошумчалай кетти.

- “Орток транспорт коридорун куруу керек”
Хисаржыклыоглы сөзүнүн аягында сооданын жакшыруусу үчүн орток коридорлордун орду чоң экенин айтып: “Түрк кеңеши катары өзүбүзгө таандык орток транспорт коридорун салуубуз керек. Ал коридор глобалдуу чоң коркунучтарга кабылганда да коркпой-үркпөй колдоно турган аймак болууга тийиш”,- деди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы түрк ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Анадолу маалымат агенттиги

 

Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду Казакстанда түрк ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться