EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити

Евроазия университеттер ассоциациясынын жетекчилигинде уюштурулган  (Eurasian Universities Union - EURAS) “EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити” Түркиянын Стамбул шаарында өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 22-24-мартында саммитте жогорку билим берүү тармагындагы жетишкендиктер колго алынып, катышуучуларга бул тармактагы аткарылган иштер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. 52 өлкөдөн 2 миңден ашык университет ректорлору, проректорлор, академиктер жана билим берүү тармагында бир топ адистердин катышуусу менен өткөн саммитте панель, семинар жана көргөзмөлөр да орун алды.
Стамбул Лүтфи Кырдар эл аралык конгресси жана Көргөзмө сарайындагы саммитин ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын Билим берүү министри Исмет Йылмаз, Түркиянын эң маанилүү темасы билим берүү экенин белгилеп: “Ушул себептен борбордук бюджеттин бир топ бөлүгүн билим берүүгө арнап жатабыз. Тактап айтканда 122 миллиард лира бөлүнөт. Бул борбордук бюджеттин 20%ын түзөт. Биз билим берүүгө абдан маани беришибиз керек. Анткени билим берүүгө маани берген өлкө башка бардык нерсег маани берет. Ошондуктан бардык билим берүү мекемелеринде сапатты арттырууга аракет кылып жатабыз”,- деп, саммитке катышкан 53 өлкөнүн билим берүү адистерин, окутууларды ар тармакта кызматташууга чакырды. Окутуучулар жана студенттер арасындагы алмашуу программаларынын активдүү иш алып баруусу иш тажрыйбанын дагы да өнүгүүсүнө жардамчы болорун айтып, 20 жылдык стратегиялык кызматташтык түзүлгөнүн айтып өттү.
EURAS башкы жетекчиси, доктор Мустафа Айдын саммити уюштурган Евроазия университеттер ассоциациясына мурунтан келаткан кыялды 2009-жылы ишке ашырганын айтып,бул саммит дүйнөнүн эң чоң үчүнчү саммити экенин айтты.
Саммитке катышкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы Манас ФМ радиосуна телефон менен түз байланышка чыгып, мсаммиттин жүрүшү тууралуу маалымат берди. “Саммит жогорку билим берүүдөгү жетишкендиктер тууралуу жогорку деңгээлдеги маалымат алмашуу, орток пикирлер ортого салынган жана ынтымактын дагы да бекемделишине негиз болгон чон платформа болууда. Мен бул жакта Түрк кеңешинин Түрк университеттер ассоциациясынын жетекчиси катары катышып, өз жоопкерчиликтеримди аткаруудамын”,-деди. Ректор саммиттин алкагында Түркия билим берүү министри Исмет Йылмаз менен жолугушуп, КТМУ жана Түрк кеңешинин Түрк университеттер ассоциациясы тууралуу маалымат берип, алдыда аткарыла турган пландар менен бөлүштү. Жолугушууда, Йылмаз, Манас университеттинин ылдам өнүгүп жатканын айтып, дайыма колдоорун билдирди жана Манастыктарга салам жолдоду. Муну менен катар ректор Түрк кеңешинин башкы катчысы менен жолугушуп, студенттер жана окутуучулар арасындагы алмашуу программалары тууралуу сүйлөшүп, 2017жылдын 15-19-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлө турган Түрк университеттер ассоциациясынын спорт оюндары тууралуу аткарылып жаткан иштерден маалымат берди.
“Манас” университетинен Евроазия жогорку билим берүү саммитине катышып жаткан ага окутуучулар доцент Хакан Дүндар жана доцент Юнус Эмре Гүрбүз, Медиаманаска берген маалыматтарында: “Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдик төрагалыгын аркалаган ректорубуз Себахаттин Балжы, саммитте Түрк университеттер ассоциациясынын аткарган иштери, Орхон процесси, биринчи Түрк университеттер ассоциациясынын спорт оюндары жана келечекте пландалган иштери тууралуу маалымат берди.
Андан кийин ректор Түрк университеттер ассоциациясынын төрагасы катары EURAS тын жетекчиси Мустафа Айдына ак калпак кийгизди. 2017-жылдын 22-мартында Стамбулда окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы менен эл аралык Балкан университетинин ректору, профессор Исмаил Кожайусуфоглу менен эки университет арасында кызматташуу келишимине кол коюлду”,-деген маалымат беришти.


Загрузка плеера...


EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити EURIE 2017- Евроазия жогорку билим берүү саммити

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться