Кыргызстанда кесиптик билим алуу-келечекке болгон ишеним » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда кесиптик билим алуу-келечекке болгон ишеним



"Ракурс" уктуруусунун студиядагы меймандары: КР эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдрахим Мамадалиев, № 97-лицейдин директорунун орун басары Айзат Пусурманкул, №100-кесиптик лицейинин окутуучусу, мастер Темир Дөңдошев болушту.

Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдрахим Мамадалиевдин айтымында, Республикабызда жалпы 101кесиптик-техникалык билим берүү мекемелери бар(анын ичинде 6сы жаза аткаруу мекемелеринде абактагыларды кесиптик билимге үйрөтөт.) Кесиптик-техникалык билим берүүнү бүтүргөн адис ээлеринин  80пайызы жумуш орду менен камсыз болушат. Анын ичинен 20пайызы Россия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Жыл сайын 15миң бүтүрүүчү кесиптик-техникалык билим берүүчү жайларды аяктайт.

№ 97-лицейдин директорунун орун басары Айзат Пусурманкулдун айтымында аталган окуу жай темир жолчуларды, бул тармактагы адистерди тарбиялайт жана окуу жайды аяктагандар дээрлик жумуш орундары менен камсыз болушат. № 97-лицейди окууга кызыккандар арбын.

Кыргызстанда соңку мезгилде курулуш тармагы өнүгүп жатканына байланыштуу, №100-кесиптик лицейинин окутуучусу, мастер Темир Дөңдошевдин билдиргенине таянсак аталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү да дээрлик жумуш орундары менен камсыз болушуп, рынокто бул лицейди бүтүрүүчүлөргө да суроо-талап чоң.

Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдрахим Мамадалиев Кыргызстан Бажы союзуна толук кандуу мүчө болгону кесиптик-техникалык билимдүү адистердин документтери Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдө жарамдуу экенин белгилейт. Мындан сырткары кесиптик-техникалык билим берүү агентствонун жетекчилиги Азия өнүктүрүү Банкы өңдүү эл аралык донор уюмдардын долбоорлору аркылуу , кесиптик-техникалык билим берүүнүн сапаты артып жаткандыгын жашырбайт.

 

 

 


Aynagul Mukambetova
Гости

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться