«Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду

KTMÜ İLEF Mezunu başarılı yönetmenin filmi gösterildi. 



2017-жылдын 16-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Ата-Бейит»  даректүү фильминин бет ачар аземи болуп өттү. Аталган фильм 1937-38-жылдардагы  репрессияда бейкүнөө курман болгон инсандардын элесине арналып тартылган. Фильмдин көркөм жетекчиси Артыкпай Сүйүндүков, режиссеру Алижан Насыров.
Аземге университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, академик Ильгиз Айтматов, “Ата-Бейитти” ачкан
Бүбүйра Кыдыралиева, полковник Болот Абдрахманов, белгилүү режиссерлор, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын ачылышында ректор Себахаттин Балжы Кыргыз-Түрк «Манас» университети өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым сыймыктанаарын айтып: ««Ата-Бейит» жеке эле кыргыз элине эмес, бүтүндөй түрк элине тиешелүү ыйык тема. Репрессиянын  курмандыктары болгон улуу инсандарыбыз өз учурунда түрк элинин ынтымакта болуп, бир болушун каалаган өмүрү өрнөк инсандар болушкан. Алар эч бир наамга ээ болушпаса да, алардын аты, элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө жашайт.», -деди.
Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тасманын автору эң бир ыйык темалардын бирине кайрылганын белгилеп: «Чындыгында теманы тандоо да чоң жоопкерчилик болуп саналат. Ал эми чыгармачыл инсандар үчүн эң алгачкы иштери кымбат жана баалуу. Андыктан режиссердун мындан аркы да чыгармачылык ишинде ийгиликтер болуп, жакшы баага татый беришин каалайм» деген оюн билдирди.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин «Ата-Бейит» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң тасмада башкы рольду аткарган кеченин ардактуу коноктору, убагында Сталиндик репрессиялардын курмандыктарынын сөөктөрү жашырылган “Ата-Бейиттин” сырынын ачылышына себепчи болгон Бүбүйра Кыдыралиева, ошол мезгилде КГБда иштеген полковник Болот Абдрахманов жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бир тууган иниси, академик Ильгиз Айтматов  “Ата-Бейит” кандайча ачылып калганы тууралуу жаштарга айтып, азыркы жаштар тарыхты билип, түшүнүп жүрүшсө деп фильм тууралуу ой-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле тасманын режиссеру, коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү Алижан Насыров менен сценарийди бирге жазган Абдыбек Казиев тасманын жаралыш идеясы жана тартылышы тууралуу айтып беришти.
Аталган тасма “Ата-Бейит” темасына арналып биринчи жолу тартылган 38 мүнөттүк даректүү фильм болуп саналат. Ал 2016-жылы Татарстандын Казань шаарында өткөн даректүү фильмдер фестивалында биринчиликке ээ болгон.
Эске салсак, 1990-жылы Бүбүйра Кыдыралиева Бишкектин чет жагында 1937-жылы атып өлтүрүлгөн репрессиянын курмандыктары жаткан жер тууралуу айтып берген. Кийин ал жер “Ата-Бейит” деп аталып, мемориалдык-коплекске айланган.

«Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду «Ата-Бейит» даректүү тасмасынын бет ачар аземи болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться