Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат

Бишкекте, “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, коргоо  механизмдери жана координацияларын талкулоо” боюнча конференция болуп өттү.



Бишкекте, “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алын алуу, коргоо  механизмдери жана координацияларын талкулоо” боюнча конференция болуп өттү. Иш чаранын алкагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун Кыргызстандагы азыркы абалы, статистикалык билгилер, алдын алуу жана жаңы кабыл алына турган мыйзам туурасында талкууланды.

Статистика боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулука эң көп аялдар (97%) жабыркайт. Зордук-зомбулук психологиялык, экономикалык,күч колдонгон жана сексулалдык болуп бөлүнөт. Булардан психологиялык түрү менен жабыркагандар көп, бирок аны көбү жашыраары белгилүү болду. Жогорку соттун судьясы Гулбара Калиеванын айтымында, көпчүлүк учурда аялзаты таптакыр чыдабай калганда же айла жоктон ооруканага түшкөдө милиция келип сураганда гана айтып берип, анын арызын алышат. Бирок көп иштер сотко жетпей эле бутуп калышы мүмкүн, жолдошу кечирим сурайт анан аялы балдарынын атасы деп кечирет, ошентип иштер кыскарып жабылып сотко жетпей калат. Көп учурлар катталбай калат.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы эки айында 1200 факты боюнча арыз түшкөн. Бардыгына убактылуу ордер берилген. Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн саны акыркы эки ай үчүн 18 факт катталган. Бул тууралуу ИИМ нин жашы жете элек балдардын иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исанакунова Таалайгулдүн айтымында, учурда үй-бүлөдөгү зордук-зорбулуктан коргоо тууралуу жаңы мыйзамдын долбоору иштелип чыккан, мыйзам ЖК те каралып жатат, бүгүн 3-окууга чыгат. 2003-жылы “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукта социалдык коргоо” деп аталган мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга 15 жыл болду, бирок статистиканы карасак жылдан жылга зордук-зомбулуктун саны өсүп жатат, азыр эксперттердин тобу ар бир мекеменин кандай жоопкерчилиги, кандай милдентемелери болоору мыйзамда көрсөтүлүп жатат.

Талкууга өкмөттүн мүчөлөрү, ИИМ нин өкүлү, бейөкмөт уюмдардын эксперттери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференция бүгүн 17-мартта дагы жыйынтыкталат.

Саткынай Алымбаева

 

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться