Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Чанаккеледе курман болгондорду эскерүү жана Чанаккале жеңишинин 102 жылдыгына карата “Чанаккеле ичинде” аттуу театр оюну өткөрүлдү



Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Чанаккеледе курман болгондорду эскерүү жана Чанаккале жеңишинин 102 жылдыгына карата “Чанаккеле ичинде” аттуу театр оюну өттү.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу Бишкек-Түрк башталгыч мектебинде 12-март мамлекеттик гимндин кабыл алуу күнү жана анын автору Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү жана ошону менен бирге Чанаккеледе курман болгондорду эскерүү жана Чанаккале жеңишинин 102 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз-Түрк Анатолья лицейи тарабынан уюштурулган иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен башталып, андан соң эки өлкөнүн гимни жаңырды.
Иш-чараны ачкан Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин билим берүү боюнча даанышманы Режеп Сула, Чанаккеле согушуну билбеген жана түшунбөгөн, ал жакта таңк алдында эзилгендерди да, 15-июль окуясын да билбей тургандыгын белгилеп: “Түркиянын бүгүн Иерусалимде жана Мосулда эмне жумушу бар деген киши, Алеппо, Мосул, Иерусалим, Киркук жана Балкан жергесинин кулундары Чанаккаледе жатканын билбейт”,-деди. Мындан сырткары Түркиянын мамлекеттик гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсой тууралуу кеп козгогон Сула, акындын гимнди кантип жазгандыгы тууралуу кыскача баяндап берди. Режеп Суладан кийин сөз алган Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, Чанаккале согушу, калктын орток ишенимин чагылдырганын айтып: “Чанаккале согушу – өлүм жана калым күрөшү болгон”,-деди. Сөзүнүн аягында дүйнөнүн ар кайсы жеринде каны төгүлгөн Түрк шейиттерин эскерген Кылыч, Түркиялыктар ар дайым шейит кетүү сезими менен жашаарын кошумчалады.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, Түрк улуту Чанаккале согушунда кан-жанынан кечкенин эске салып: “Бизге бир чети аманат, бир чети мурас катары калган мекенибизиде, азаттыкта желбиреген желек астында мунараларыбыздан азан үнү өксүбөй бактылуу жашап жатабыз”,-деди. Муну менен катар Балжы: “Ааламдын соңу болгонго чейин өлкөбүз жашарына ишенимибиз чоң. Андыктан мындан ары да ылайым жаңыдан жазууга муктаждык жаратпай турган гимнибиздин автору улуу акыныбызды урмат менен эскеребиз”, деп сөздөрүн жыйынтыктады.
Андан соң иш-чарада “Мехмет Акиф Эрсой жана 12-март мамлекеттик гимндин кабыл алүү күнү” деген фильм көрсөтүлүп, Кыргыз-Түрк Анатолюя лицейинин окуучулары “Чанаккале ичинде” аттуу театралдык оюн сахналаштырышты.


Загрузка плеера...


Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди Чанаккеле шейиттери театр оюну аркылуу эскерилди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться