Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү

Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациянын студенттик кеңеши ассоциацияга мүчө болгон башка университеттер менен биргеликте иш-чара өткөрдү



Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Бишкек гуманитардык илимдер университетинде (БГУ) өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору жана Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациянын төрагасы, профессор Себахаттин Балжы, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык илимдер университетинин ректору , профессор Абдылда Мусаев , Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Чынара Адамкулова жана Түрк Кеңешинин университеттеринин окутуучу жамааты жана студенттер катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы: “Бул күн биз үчүн абдан маанилүү. Адамзат тарыхында эң бай цивилизациялардан бирин курган улуу калкыбыз 21-кылымда да ынтымагыны бекемдеп, Борбордук Азиядан Европага чейинки аймакта өткөндү кайра жаңылоо мүмкүнчүлүгүн колго алды. Муну жүзөгө ашыра тургандар, бул иш-чарада да күбө болуп тургандай Түрк дүйнөсүнүн жаштары. Жаштар-биздин үмүтүбүз жана биз аларга ишеним артабыз. Муну менен катар Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы жана алдардын аткарган иштери биз үчүн абдан мааниге ээ. Бул жылы пилоттук тажрыйба катары окутуучулар жана студенттер арасында алмашуу программасын ишке киргизебиз. Программа 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Мындан тышкары кийинки айдын 15-16сында Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын спорт оюндары өткөрүлөт. Ага 200 гө жакын спортчу катышат. Мындай нерселерди уюштуруп жатканыбызыдын максаты, жаштарды башын кошуп, аларды ынтымакка үндөө. Ошондуктан “Ынтымак үчүн спорт” деген ураан менен аталган спорт оюндарын өткөрөбүз”,-деген Себахаттин Балжы, Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациянын www.turkunib.org интернет сайтынан ассоциация тууралуу каалаган маалыматтарды алууга болоорун кошумчалай кетти. Ректордун айтуусу боюнча, иш-чаралар муну менен эле токтоп калбайт. Күз айларында Азербайжандын Баку шаарында дагы бир иш-чара өткөрүлөөрү пландалып жатат.
БГУнун ректору Абдылда Мусаев, Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын студенттик кеңеши абдан маанилүү жана мактоого арзырлык иштер кылып жатканын айтып, улуу цивилизациялар курган Түрк дүйнөсүнүн келечекке ишеним менен кароосуна жаштардын мындай иштерде активдүү болуусу күчтүү үмүт берерин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда КТМУнун Түрк дүйнөсү оркестри концерттик программа тартуулады.


Загрузка плеера...


Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы БГУда иш-чара өткөрдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться