Режиссердук курс апрель айында жумасына 3 жолу 2 сааттан болот.
«Азия чыгармачыл айымдар» фонду даректүү тасмалар боюнча 3 айлык режиссердук курска кабыл алынуу баштады. Режиссердук курс апрель айында жумасына 3 жолу 2 сааттан болот. Курска кабыл алуу 6- марттан 25-мартка чейин созулат. Режиссердук курска 21 жаштан жогору баардык каалоочулар келе алат.
Курстун программасы төмөндөгүдөй:
- Даректүү тасманын негизи жана режиссурасы
- Даректүү тасмадагы оператордук чеберчилик
- Даректүү тасманын драматургиясы
- Монтаж
- Дүйнөлүк жана улуттук даректүү фильмдерди көрүү.
- Ар бир катышуучу темасын тандап, изилдеп жана кино тартат.
Даректүү тасмалар боюнча режиссердук курска баарлашуу Кыргыз фильм киностудиясынын 3-кабатында жүргүзүлүүдө.
Байланыш үчүн телефондор: 0779 90 11 60, 0708 91 35 30