КТМУда праграммалоо жөндөмдөрү аттуу семинар өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда праграммалоо жөндөмдөрү аттуу семинар өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде компьютердин инженерия бөлүмү тарабынан “Праграммалоо жөндөмдөрү” аттуу семинар өткөрүлдү



Семинар ‘TechWomen’ программасына катышкан уюмдардын өкүлдөрүнүн колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын 1-мартында өткөрүлдү. Семинарга катышкан КТМУнун проректору, профессор Хусейин Өгүт семинардын пайдалуу болооруна басым жасап, катышуучуларга ийгилик каалады.
Семинардын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирген инженерия факультетинин деканы, профессор Жошкан Ылыжалы да семинарда абдан маанилүү маалыматтар берилгенин белгиледи.
АКШ Тышкы иштер министрлигинен келген Нанси Талбот, “TechWomen” программасы Американын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, дүйнөдөгү бардык аялдардын илим жана техника жаатында активдүү иш алып баруусун колдоорун жана эл аралык билим алууга мүмкунчүлүк түзүү максатында иш-чаралар уюштуруп жатканын билдирди.
Семинар “Резюме түзүү жана ишге алынууда маектешүү жөндөмдөрү”, “Социалдык медианын колдонуу аркылуу кесиптик желе түзүү”, “Силикон өрөөнүнүн (Silicon Valley) техникалык борбору жана IТдеги жаңы тенденциялар” аттуу темаларда үч отурумда өткөрүлдү.
Семинарга Symantec, HGST, Silicon Valley Link, Anita Borg Institute for Women in Technology, Singularity University, Sunrun Senior Trainer, Mentoring Standard, Twitter, NASA, Positive Impact Partner, Lawrence Hall of Science, Juniper Networks, LinkedIn, Juniper Networks өңдүү мекемелерден ар түрдүү кызматтарды аркалаган ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүштү.
Семинарда сөз сүйлөө үчүн Devanshi Sheth, Erin Keely, Ida Rose Sylvester, Jeannice Fairrer Samani, Jill Finlayson, Judith Fleenor, Katy Dickinson, Kiko Smith, Kuldeep Khanijow, Leedija Svec, Lynn Strand, Nandani Ramani, Ramya Sankar, Rebecca Biswas, Rima Akras, Saura Naim чыкты.


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться