15-майдан тарта Кыргызстанда санариптик телекөрсөтүү боюнча 1212 кызматы иштеп баштайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

15-майдан тарта Кыргызстанда санариптик телекөрсөтүү боюнча 1212 кызматы иштеп баштайт



Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик эфирдик телекөрсөтүү DVB-T2  стандартында ишке киргизилүүдө. 

“Женева–2006”эл аралык макулдашууга ылайык, 2015-жылдын 17-июнунан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында телекөрсөтүүлөр санариптик форматка өтөт. Кыргыстандын маданият,маалымат жана туризм министр орун басары Айнура Темирбекова "Санарипти жандыр!"( “Включи цифру!”) маалымат кампаниясынын слоганы жана логотиби иштелип чыгып, калкты түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп баштаганын билдирет.

15-майдан тарта Кыргызстанда санариптик телекөрсөтүү боюнча калкка түшүндүрүү иштерин алып барган "тынымсыз чалуу"кызматы иштеп баштайт. Каалаган атуулдар 1212 сандарын терип санарипке байланышкан баардык суроолоруна компетенттүү адистерден жооп алса болот."Тынымсыз чалуу" кызматы күн сайын эртен мененки саат 9.00-22.00ге чейин баардык суроолорунуздарга жооп алсаныздар болот. Кызмат көрсөтүү акысыз.

Санарипке кошулуу үчүн сыналгынын жөнөкөй дециметрдик антеннасы, сыналгы жана санарип тиркегичи –DVB-T2 MPEG-4стандартын колдоочу ресивер керек.

Эгер Сиз жаңы сыналгы сатып алууну чечсеңиз, анда DVB-T2 MPEG-4стандартын колдогон түрүн сатып алышыңыз керек. Бул жагдайда Сизге дециметрдик антенна гана керек болот. Мындай сыналгыга кошумча ресивердин кереги жок.

Санариптик эфирдик телекөрсөтүү ( Санарип) – бул видеосигнал жана үн сигналдарын санариптик коддоштуруунун жардамында санарип каналды колдонуу менен телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү берүү технологиясы.

 


Aynagul Mukambetova
Гости

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться