Айдын Доган сыйлыгы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айдын Доган сыйлыгы

Түркиянын “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурста студентибиз 3-орунга татыктуу болду



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Асел Акматалиева Түркияда 28-жолу өтүп жаткан “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурста “Кыргыз шырдагы” деген телепрограммасы менен 3-орунду жеңип алды.
Түркиядагы “ Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурста журналисттик чеберчилик, макала жазуу, аудио жана видео материалдар, реклама, коомчулук менен байланыш жана интернет маалымдоо тармактары боюнча 37 университеттен 1 093 студент 722ге жакын эмгектери менен ат салышкан. Жыйынтыгында 118 долбоор жеңүүчү деп табылып, байгелерге ээ болушкан.
Аталган конкурстун телепрограмма категориясында Кыргыз - Түрк “Манас” университетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенти Асел Акматалиева толкундоосун төмөндөгүдөй билдирди: “Кароо сынакка жасаган материалымды өткөн жылдын июнь айында жибергем. Андан кийин телефон чалышып, финалга чыкканымды айтышты. Абдан сүйүндүм. Бирок мени менен кошо 17 студент да финалга чыкканын уккканда утаарыма ишенген эмесмин. Калыстар тобу менин программамды 3-орунга татыктуу деп тааптыр. Абдан сүйүнүп жатам. Мага дайыма колдоо көрсөткөн бардык агай-эжейлериме ыраазычылыгымды билдирем”,-деди.
Акматалиеванын “Кыргыз шырдагы” аттуу телепрограммасы Кыргызстандын Нарын облусундагы Ат-Башы районунда өткөн V эл аралык шырдак фестивалында тартылган.
Асел Акматалиеванын куратору Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев сыйлык алуу күтүүсүздөн болбогонун айтып, аталган программада кыргыз маданиятынын керемети табигый шарттарда мыкты чагылдырылгандыгын белгиледи.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультети мындан мурун да жаш журналистер кароо сынагында байгелүү орундарды алып келген.

Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы Айдын Доган сыйлыгы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться