Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары»

«Ыймандын жарчылары» китеби жарык көрдү



«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан «Ыймандын жарчылары» китеби жарыкка чыкты. Аталган китептин бет ачары 2017-жылдын 20-февралында окуу жайыбыздын Турмуш тиричилик тейлөө имаратында болуп өттү.
Китеп Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына арналды. Ага улуу кыргыз акындарынын улуттук маданият, адамдык баалуулуктары тууралуу чыгармалары киргизилген. Окурмандар Барпы Алыкулов, Жеңижок, Калыгул Бай уулу, Молдо Нияз, Токтогул Сатылганов жана башка белгилүү акындардын чыгармаларын таба алышат. Китептин максаты – улуу акындардын даанышмандыгы аркылуу элдин руханий баалуулугун көтөрүүгө салым кошуу.
Иш-чарада окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор А.Мокеев китептин таалим-тарбиялык маанисине басым жасап: «Китепте улуу ойчул, философ, акындарыбыздын ыйман, адеп темасына байланыштуу чыгармалырынын топтому берилген. Мындагы орошон ойлорду күнүмдүк турмушубузда колдонуу, эл арасына сиңирүү абдан пайдалуу» деген пикирин билдирди.
Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында жакшылыктын башаты, бактылуулуктун кепилдиги  бул - ыйман. “Кыргызстандын эң чоң байлыгы - адам. Болгондо дагы сапаттуу жана интеллектуалдуу, руханий жактан өнүккөн адам керек. Маданият десе эле операны, балетти түшүнбөшүбүз керек. Маданият - бул ыйман, жакшы жүрүм-турум. Ошондуктан, Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланып, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүсү зарыл", - деди ал.
Андан соң кеченин кадырлуу коноктору Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков, жазуучу Мартабай Ааматов жана белгилүү тарыхчы, профессор Кыяс Молдокасымов куттуктоо сөздөрүн айтып, фонддун ишине ийгилик каалашты.
Эске салсак, китеп студенттердин демилгеси менен түзүлүп, ишке ашырылган.

Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары» Ыйман жылында «Ыймандын жарчылары»

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться