Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

РАСМИЙ БИЛДИРҮҮСҮ



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкноталары жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирет.

2016-жылы чыгарылган IV сериядагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкноталары төмөнкүлөрдү камтыйт:

 

  1. Классикалык ыкма менен даярдалган мыкты көрүнүп турган портрет.
  2. Чыгарылган жылы 2016.

 

Улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталары, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноталары менен чогуу жүгүртүүдө болот.

 

Улуттук валютасынын бардык банкноталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алууга тийиш

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться