Мевлана программасы алкагында студенттер келишти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мевлана программасы алкагында студенттер келишти

Манас университетине Мевлана студент алмашуу программасы боюнча билим алуу үчүн келген 18 студент университеттин ректору менен жолугушту.



2016-2017-окуу жылында Манас университетине Аднан Мендерес, Стамбул, Джелал Баяр, Ак Деңиз университетинен Мевлана студент алмашуу программасы боюнча жазгы жана окуу семестринде билим алуу үчүн келген 18 студент университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушту.
Жолугушууда Мевлана программасынын координатору Желаледдин Серинкан жетектеген студенттер ректор менен таанышып, Манас университетине кандай максат менен келишкендиктерин айтып, ойлору менен бөлүшүштү.
Мевлана студент алмашуу программасы менен келген студенттерди жылуу кабыл алган университет жетекчиси: “Сүйүктүү студенттер, силер бул жерде өзүңөрдү бөтөн сезбегиле, башка студенттер сыяктуу бардык билим алуу мүмкүнчүлүк жана шарттар силер үчүн. ϴз өлкөңөрдөй көрүп, Кыргызстандын тарыхый, маданий жерлери менен таанышып, көптөгөн маалыматтарга ээ болосуңар деп ишенем. Манас университетинде 14 өлкөдөн келген ар улуттун өкүлү болгон жаштар билим алышат. Колуңардан келсе, алар менен достошуп, орус, кытай тилдерин үйрөнүп, тажрыйба алгыла. Дагы бир кеңешим, келген биринчи күнүңөрдөн баштап, мындагы көргөн билгениңерди, таасир калтырган нерселереди жазып койгула жана кайра кетип баратканда аларды анализдегиле, ошондо канчалык деңгээлде пайдалуу маалыматтарга ээ болгонуңарды сезесиңер.”, - деп, студенттерге ийгилик каалады.
Учурда университетте Мевлана студент алмашуу программасы менен Афганистандан 1, Казакстандан 1, Азербайжандан 1 жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн 15 студент окуп, билим алып жатышат.

Мевлана программасы алкагында студенттер келишти Мевлана программасы алкагында студенттер келишти Мевлана программасы алкагында студенттер келишти Мевлана программасы алкагында студенттер келишти

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться