Темир Бирназаров: “Режиссёлор коомду даарылай алат” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Темир Бирназаров: “Режиссёлор коомду даарылай алат”

“Чоң экран” программасында белгилүү кинорежиссёр, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Темир Бирназаров конокто болду.



 22-февралда, “Чоң экран” программасында белгилүү кинорежиссёр, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Темир Бирназаров конокто болду. Агай менен учурдагы коомдун кинону кабыл алышы, кыргыз киносунун абалы, деги эле кино жаатында бир саат бою маек курдук. Темир Бирназаровдун айтымында, элдин көңүлүнө топ келген тасмаларды жаратуу “чыныгы чыгарма” эмес, чыныгы чыгармачыл фильмдер автордук болот жана алар коммерциялык максатты көздөбөйт: “Коомго жага турган тасма тартуу чыгармачылык иш боло бербейт. Чыгармачылык иш элге кандайдыр бир сабак берүүчү башкача өңүттөгү тасмаларды жаратуу болуп саналат. Азыр кино тартуу экиге бөлүнүп кеткен: биринчилери, акча табуу максатын көздөп, жеңил желпи тасмаларды жаратышат, экинчилерине болсо мен кирем. Биз коомду даарылай турган, проблемаларды чагылдыра турган фильмдерди тартабыз.” Темир Бирназаров “Белгисиз маршрут”, “Кумар”, “Баарын кайра баштагым келет” ж.б тасмалардын режиссёру жана көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси. Учурда өзүнүн бир жылдык курсунда келечектеги профессионал киночуларды окутуп чыгарат. “Чоң экран” программасын ар шаршемби жана жума күндөрү саат 16 дан 17 ге чейин угуңуздар.

Жазган: Кенешова Гулзира


Загрузка плеера...


Темир Бирназаров: “Режиссёлор коомду даарылай алат” Темир Бирназаров: “Режиссёлор коомду даарылай алат” Темир Бирназаров: “Режиссёлор коомду даарылай алат”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться