Маданиятка салым кошкон тасмалар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Маданиятка салым кошкон тасмалар

Маданиятка салым кошкон тасмалар



Кечээ Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө 5 кыска метраждуу тасманын бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарада Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин бүтүрүүчү - режиссерлору Айжамал Болотова «Лунная соната», режиссер Фарида Сейталиева «Кичинекей манасчы», режиссер Эльнура Ташбаева «Тамчы», режиссер Мээрим Догдурбекова «Бакыт» жана Зирегуль Кувандык кызынан «Түнкү конок» аттуу 5 кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү. Аталган тасмалар студенттердин дипломдук иши болуп саналат. Тасмалар Кинематография департаменти, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана «Айтыш фильм» киностудиясы менен биргеликте тартылган.
Иш-чарада Кинематография департаментинин директору М.Бектенов бул тасмалар өлкөбүздүн Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган "Ыйман, адеп жана маданият" жылына арналганын жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстандын маданиятына, кино искусствосунун өнүгүшүнө салым кошуп, кадрларды гана даярдап келбестен, мыкты чыгармаларды жаратып жатканы кубандырарын баса белгиледи.
Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө окуу жайда мыкты окутуучулар эмгектенээрин жана окуу жай ар дайым өзүнүн таланттуу бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанаарын, ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев окуу жайдын максаты өлкөнүн маданиятына салым кошуу экенин, келечекте кыргыз эли таланттуу эл экенин тааныткан кыргыз киносун өркүндөтүп, «кыргыз кереметин» улантып, таланттуу инсандардын жолун жолдогон мыкты жаштарыбыз чыгат деп ишенерин билдиришти.
КРнын Маданият, маалымат, туризм министринин орун басары Ф.Бекманбетов, Кинематорграфисттер союзунун төрагасы Т.Кулмендеев, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз жана «Айтыш фильм» студиясынын башчысы Акжол Бекболотов да сөз сүйлөп,  КТМУнун кино тармагына кошкон салымы жогору жана кадрларды даярдоо жагынан алдыда экендигин белгилешти. Ошондой эле беш жыл бою студенттерге билим, таалим-тарбия берип келген ага окутуучу студенттердин жетекчиси Артык Сүйүндүков: «4-5 жылдан бери Айтыш фильм киностудиясы жана кыргыз фильми менен орток тартылган фильмдер эл аралык фестивалдарга катышып, профессионалдык деңгээлдеги 150 эл аралык сыйлыктарга ээ болуптур. Келечекте дагы ийгиликтерди жаратып, кыргыз фильмин өнүктүрүүгө салымыбызды кошо беребиз», - деп колдоочуларга ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын алкагында Кинематография департаментинин директору М.Бектенов жана КТМУнун ректору Себахаттин Балжы жана биринчи проректору А.Кулмырзаев ортосунда кинематография тармагында таланттуу жаш кадрларды колдоо максатында эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.


Загрузка плеера...


Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар Маданиятка салым кошкон тасмалар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться