Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат

Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кезектеги маектешүү жыйыны Айыл-чарба  жана Ветеринария факультетинин студенттерине келип жетти.
2017-жылдын 15-февралында Студенттердин иштери боюнча башкармалык тарабынан уюштурулган маектешүү жыйынына окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Анварбек Мокеев, факультет жетекчилери жана студенттер катышты.
Жыйында окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы, КТМУ үй-бүлөсүнүн атынан өткөрүлүп жаткан бул иш-чаралар дагы да жемиштүү болуусу үчүн ар шаршемби күндөрү маектешүү жыйынына чогулуп, жакындан пикир алышуу жакшы саамалык экенин жана иш жеринде дайыма талап кылынган адис болуу үчүн чынчыл, ишенимдүү, оңой жана туура пикир алышуу жөндөмүнө жана сапаттарына ээ болуу керектигин айтып, университетте ар дайым алга кадам таштоого гана басым жасаларын белгиледи. Ошондой эле студенттерди окуу жайда дайыма шайыр жана жылмайып жүрүүсүн көрүү кубаныч тартууларын кошумчалай кетти. Муну менен катар 1900-жылдарда 2 миллиард киши жашаган планетада аыркы учурда 6,5 миллиард болгонун айтып, бул суроо-талаптын да өсүүсүнө түрткү болгондуктан, айыл-чарба жана мал чарбачылыкка болгон муктаждык арта берерин белгиледи.
Университеттин проректору, профессор Анварбек Мокеев, бул жылы боло турган шайлоолордон кеп кылып, ар кайсы пропаганда булактарына азгырылбай ар ким өз ыктыярына жараша иш кылышы керектигин айтты жана акыркы күндөрү чыгып жаткан, аягы өлүмгө барып такалган оюндардан оолак болууларын өтүндү.
Андан соң маектешүү жыйыны суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.

Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат Ректораттын маектешүү жыйындары уланып жатат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться