«Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар

Семинар: Маалымат платформасы Web of Science



2017-жылдын 15-февралында К.Тыныстанов жыйындар залында «Thomson Reuters» фирмасы менен КТМУнун Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгы тарабынан “Кыргызстан илимпоздору үчүн эл аралык маалымат платформасы Web of Science” темасында семинар өткөрүлдү.
Семинарга университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери, студенттер, магистрант, докторанттар жана Бишкектеги ЖОЖдон илимпоздор келип катышты.
Семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасын университеттин илимпоздоруна таанытуу жана аны колдонууну үйрөтүү максатында өттү.
2017-жылы Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайлары үчүн «Web of Science» электрондук маалымат базасына байланыш ачылган. Аталган маалымат база дүйнөлүк масштабдагы импакт-фактору жогору болгон табигый жана так илимдер, социалдык илимдер, искусство, адам жана коом тармагында жарыяланган 12.8000ден ашуун илимий журналдарды, 12.000 конференция материалдарын камтыйт. Маалымат база «Thomson Reuters» фирмасына таандык көп дисциплинардык шилтеме интекстеринен турат.
Семинардын ачылыш сөзүн университеттин проректору, профессор Анварбек Мокеев ачып, андан соң КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалынын башчысы Докдурбек Чонтоев сөз сүйлөдү.
Аталган семинарды «Thomson Reuters» фирмасынын Казакстандагы өкүлү Лязиза Мукашева жана Россиядагы өкүлү Маргарита Сидорова алып барып, «Web of Science»  электрондук маалымат базасы боюнча кеңири маалымат беришти.
Семинар төмөнкү темаларда өттү: Журналдын Импакт-фактору (Impact-Factor) деген эмне? Акыркы илимий ачылыштардан кантип маалымат ала аласыз жана эл аралык журналдарга кантип макала чыгарса болот? Макала жарык көрүш үчүн кандай даярдалышы керек?

«Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар «Web of Science» электрондук маалымат базасы тууралуу семинар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться